Биз менен байланышыңыз

Эл өкүлү: 6 кафе он жыл бою бюджетке бир тыйын да төккөн эмес

Пикирлер | 24 Дек 2018 | 2016 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева “Марал” радиосуна берген маегинде Орус драма театрынын тегерегиндеги 6 кафе 10 жылдан бери мамлекеттик бюджетке бир тыйын да төкпөй иштеп келгенин билдирди.

Анын айтымында, мекемнин мурдагы жетекчиси Борис Воробьевдун чөнтөгүнө жылына 280 миң доллар акча түшүп турган.

«Ал кафелерден чогулткан параны өзүнүн кызына ачтырган фирмага жумшачу экен. Ошол убакта аларды текшерген мамлекеттик органдар каякты карап жатышкан? Бизде кемчилик болуп калса кичинекей бизнестерди басып алышат. Кичинекей күркөлөрдү текшерүүгө айына 3 жолу келишет. Бизде 12 көзөмөл орган бар. Бирок театрдын жанындагы кафелерди 10 жылдан бери текшербей эмне кылып жатышты? Эртеңкиге бүт органдын өкүлдөрүн чакырып, палатага чыгармакпыз. Анда дагы «балким жаңы жылдан кийин кылбайлыбы, жазында чыгарбайлыбы» деп чалып жатышат. Бирок муну биздин комитеттеги кесиптештер колдоп жатат. Алар коррупцияны иликтеп аягына чыгарыш керектигин айтышууда» , — дейт Сурабалдиева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM