Биз менен байланышыңыз

Өнүккөн мамлекеттердин башчылары канча айлык алат?

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2018 | 800 | 0

Өнүккөн мамлекеттин башчылары канча айлык алары көпчүлүк үчүн кызык болсо керек. Изилдөөнүн жыйынтыктары президент жана өкмөт башчылар өлкөнүн экономикалык абалына жараша эмгек акысы аларын көрсөткөн.

Мамлекет Президент же өкмөт башчы Жылдык маяна (АКШ доллары м-н) Өлкөдөгү эң аз айлык акы (АКШ доллары м-н)
АКШ Дональд Трамп 1 1160
Украина Пётр Порошенко 12 200 135
Кытай Си Цзиньпин 20 500 150-300
Финляндия Саули Ниинистё 146 700 2000
Орусия Владимир Путин 151 000 140
Улуу Британия Тереза Мэй 198 500 1570
Франция Эммануэль Макрон 211 500 1760
Гватемала Жимми Моралес 232 000 200
Германия Ангела Меркель 263 000 1780
Канада Жастин Трюдо 267 000 1400
Австралия Малкольм Тернбулл 404 000 1900
Швейцария Дорис Лойтхард 437 000 Белгиленген эмес, орточо эмгек акы саатына 20 доллар
Сингапур Ли Сяньлун 2 200 000 Белгиленген эмес, болжолдуу 1000 доллар

 

Тизмеде кызык маалыматтар бар. Алсак, АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн пайдасы үчүн жылдык 400 миң доллар айлыктан баш тарткан. Бирок анын мындай аракети жаңылык эмес. Себеби буга чейин Роберт Губер, Жон Кеннеди сыяктуу президенттер дагы өлкө казынасын ойлоп маяна алуудан баш тартышкан.

Ал эми Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлунун жылдык эмгек акысы чындыгында 2 200 000 доллардан да көп болгон. Бирок каршы пикирлерден улам анын маянасы 36%га кыскартылган. Ошентсе да Ли Сяньлунун жылдык эмгек акысы Канада, Улуу Британия, Швейцария, Германия, Франция, Орусия жана Австралия сыяктуу мамлекеттердин өкмөт башчыларынын айлык акысынан алда канча көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM