Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Айрым аймактарда беш күнгө чейин газ болбойт

Кыска кабар | 23 Дек 2018 | 485 | 0

Авариялык жана калыбына келтирүү иштерине Бишкектин бир катар аймактарында беш күнгө чейин жаратылыш газы үзгүлтүккө учурайт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын маалыматына ылайык, 24-28-декабрда Бишкек шаарынын Курманжан датка, Чоң Чүй каналы, Лермонтов, Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; 24-26-декабрда Махатма Ганди, Можайский, Манас проспектиси, Васильев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө; 24-25-декабрда Орто-Сай айылынын Ала-Арча шаарчасында көгүлтүр от берилбейт.

Белгилей кетчү жагдай, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана шаймандардын үзгүлтүксүз иштөөсүн жөнгө салуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM