Биз менен байланышыңыз

Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 326 миллион 827 миң сомдон ашты

Кыска кабар | 23 Дек 2018 | 562 | 0

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 10 млн 792 миң сомдош ашуун каражат которду. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы маалымдайт.

Ага ылайык, аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 326 миллион 827 миң сомдон ашты.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби үстүбүздөгү жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM