Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: 2018-жылы эпидемиологиялык абал туруктуу болду

Кыска кабар | 23 Дек 2018 | 459 | 0

Кыргызстанда 2018-жылы эпидемиологиялык абал туруктуу болду. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, бул жылы өлкөдө мал оорусунун 109 уюгу катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 19 пунктка аз.

Ал эми дары дармектер менен камсыздоо 100 пайызды түзгөн. Ошондой эле биодарылардын запасы жетиштүү. Эгерде жаз мезгилинде эпидемиологиялык учур катталса биодарылардын колдонулат.

Маалым болгондой, малдарга оору жугуу коркунучу жаз айларында жогору болот.Эгер мал арык болсо, эмдөөдөн мал оорушу мүмкүн, анткени иммунитети начар болуп, организм тийиштүү антителдерди иштеп чыга албайт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM