Биз менен байланышыңыз

Кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Кыска кабар | 23 Дек 2018 | 488 | 0

Өлкөдө 2018-2019-жылдын кышкы туристтик сезону расмий түрдө ачылды. Иш-чарага Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү жана спорттун кышкы түрлөрүн сүйгөн күйөрмандар катышты.

Өмүрбекова кышкы жана жайкы туризм ата мекендик экономиканын өнүгүшү үчүн артыкчылыктуу секторлордун бири болуп саналарын белгиледи. Мындан сырткары кышкы спорттун түрүн, кышкы туризмдин өнүгүшүнө түрткү берип, бул жагынан алганда бир нече иштер бар экенин айтты.

«Жакында Кеминде жаңы лыжа курорту ачылат. Кышкы туризм абдан популярдуу болуп, биздин базаларга чет өлкөлүк туристтер келет деген үмүттөбүз», — дейт Өмүрбекова.

Ал эми Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун маалыматына ылайык, жыл сайын кышкы спорттун түрү менен алектенген чет элдик туристтер жана жарандардын санын көбөйүп жатат. Ал учурда кыш мезгилинде чет элдик туристтер көп келиши үчүн атайын видеороликтер тартылып жатканын кабарлады.

Кошумчалай кетсек, былтыр Кыргызстанга сырттан 5 миллиондон ашык турист келген. Анын ичинде кышкысын айрыкча лыжа тебүүгө 130 000ге чейин туристтер келип кетет. Өлкө аймагында азыр 23 тоо лыжа базалары бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM