Биз менен байланышыңыз

Табып Зайналиев камакка алынды

Кыска кабар | 23 Дек 2018 | 739 | 0

Мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген табып Хашим Зайналиев камакка алынды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктайт.

Ага ылайык, Зайналиев кечээ, 22-декабрда кармалып, убактылуу кармочу жайга киргизилген. Табып тиешелүү лицензиясы жок туруп, бейтаптарды мыйзамсыз дарылоого айыпталууда.

Зайналиев бейтаптарды кабыл алган үйдө 19 киши дарыланып жаткан. Алар арыз жазуудан баш тартышкан. Табып пайдаланган дары-дармектер экспертизага жиберилген.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Хашим Зайналиевге чара колдонууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылып келген.

2016-жылдын күз айында анын бейтаптарынын бири каза болгон. Табып аны наркозсуз операция кылгандыгы ачыкка чыгып, коомчулуктун нааразычылыгына кабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM