Биз менен байланышыңыз

2019-жылдын бюджети кандай бөлүштүрүлгөн?

Кыска кабар | 23 Дек 2018 | 547 | 0

2019-жылы региондорду өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов билдирди.

«Экономика министрлиги менен өкмөттүн програмаасы жана механизми кабыл алынат. 3 млрд сом капиталдык салымдарга, 1,1 млрд сом «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга жумшалат», — дейт Асангулов.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын бюджетинде төмөнкү багыттар боюнча чыгымдар каралган.

  • 635 млн сом — эл аралык уюмдардын төгүмдөрү үчүн ;
  • 100 млн сом — жергиликтүү бюджеттерди жандандырууга;
  • 500 млн сом —  «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКсынын программасына;
  • 984,9 млн сом — дыйкандарга жеңилдетилген насыя үчүн;
  • 200 млн сом — мамлекттик тилди өнүктүрүүгө;
  • 100 млн сом — чек араларды өнүктүрүүгө;
  • 103 млн сом — калкты каттоо иштерине;
  • 630 млн — үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасын көбөйтүүгө;
  • 451,5 млн сом — гемодиализ жана жогорку технологиялык фонд үчүн;
  • 350 млн сом — турак жай күбөлүктөрү үчүн бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM