Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргызстан энергетика тармагын ыкчам өнүктүрүүгө тийиш

Кыска кабар | 22 Дек 2018 | 867 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетиктерди бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктады.

Анда мамлекет башчы Кыргызстан жакынкы жылдары электр энергиясын өндүрүү боюнча региондо алдыга чыгып, мамлекеттин жана региондун энергетикалык коопсуздугун камсыздоого тийиш экенин айткан. Ошондой эле кабыл алынган Улуттук стратегияга ылайык, бул тармакты ыкчам өнүктүрүү зарыл экенин да белгилеген.

Кыргыз Республикасынын азыркы энергетика тармагын өнүктүрүүгө бекем негиз түптөгөн, мыкты адистердин бир нече муунун калыптандырган ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем”, — деди президент.

Кошумчалай кетсек, 22-декабрь – энергетиктердин кесиптик майрамы.

Copyright © 2017 Maral FM