Биз менен байланышыңыз

Ниязов: Штабда иштеген бир да кызматкерди жоопко тартуу мүмкүн эмес

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 925 | 0

2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов, өлкө башчынын билдирүүлөрүнө жооп берди.

КСДП партиясы тараткан маалыматта, Фарид Ниязов шайлоонун башкы демөөрчүлөрүн талапкер өзү таба турганын, Жээнбеков шайлоо өнөктүгүндө каржы адисин да өзү тандаганы айтылат.

Сооронбай Шариповичтин басма сөз жыйынындагы мен тууралуу эмоциялуу билдирүүсүн түшүнсө болот, себеби “кассага” байланыштуу суроолор эч кимге жагымдуу эмес. Мен былтыр президенттик шайлоо убагында талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектегенмин жана менин жашыра турчу эс нерсем жок. Анда мага шайлоо өнөктүгүнүн жалпы координациясы жана технологиясы үчүн жооп берүү милдети гана берилген. Ал эми каржы маселесин талапкер өзү чечеринен эч кимдин деле күмөнү болбосо керек”- деп айтылат Ниязовдун билдирүүсүндө.

Ошондой эле, бул жагдайды иликтеген юристтердин маалыматына таянып, шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам, Жээнбековдун штабындагы бир дагы кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын айтат.

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен болгон жолугушууда президенттик шайлоодо коротулган каражаттар тууралуу Фарид Ниязов жооп бериши керектигин билдирди.

Өлкө башчы президенттик шайлоо убагында өз арызынын негизинде премьер-министрлик кызматтан кеткенин, үгүт маалында аймактарда шайлоочулар менен жолугуп жүргөнүн айткан.

Ал эми укук коргоочу Нурбек Токтакунов былтыр шайлоо убагында Жээнбековдун штабы 1 млрд 170 млн сом жана 6 млн доллардан ашык иштеткенин жазып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM