Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Марал «аймак сыймыктарын» тыкыр тандады

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 685 | 0

Марал радиосунун “Аймак cыймыктарын” аныктоо иш-чарасына өкмөт тарабынан вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун кеңешчиси Эсенгул Исаков келди.

Ал сөзүнүн башында аймактардын сыймыктары эксперттик топ менен кеңешип аныктаганын, өтө тыкыр тандалганын айтты. Өзү да эксперттик топтуп курамында болгон. Ошондой эле ал бул иш-чараны кийинки жылы дагы улантууну сунуштады.

Ал мындан тышкары, эки жумадан бери Бороновдун кеңешчиси болуп иштеп жатканын, ал бүгүн келе албай калганын кошумчалады.

Президенттин жарлыгына байланыштуу өкмөт концепция кабыл алып, бир топ иш-чаралар өткөргөн. Ишкерлерди колдоо максатында салык кодексине өзгөртү киргизилди.

Ал мындан тышкары аймактарды өнүктүрүү жылында аткарылган иштерди тизмектеп, бийлик тарабынан чоң колдоо гана керек экенин айтып, өкмөттүн атынан ыраазчылык билдирип, Маралга ийгилик каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM