Биз менен байланышыңыз

Марал радиосу «Аймак сыймыктарын» сыйлоодо

Бүгүн, 20-декабрда «Марал» радиосу жарыялаган «Аймак сыймыктары-2018» конкурсунун жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтүп жатат.

Бул сынакка жалпысынан аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун сунуштар келип түштү. Анын ичинен 13 долбоор эң мыкты деп табылган.

«Аймак сыймыктары» конкурсунун максаты элетти өнүктүрүүгө салым кошкон карапайым адамдарды үлгү иретинде элге таанытуу болуп саналат. Мындан улам, бул конкурска сунуштарды жөнөткөн мигрант мекендештерге, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын тургундарына «Марал» радиосу ыраазычылык билдирет.

Президенттин аппаратынын өкүлү “Марал” радиосунун демилгесин колдоп келди. Ал президенттин куттуктоосун жетирип, аймактардагы мыкты инсандарды аныктоо, региондорду өнүктүрүү демилгеси бир жыл мнен  октоп калбай, дагы улантыларын айтты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM