Connect with us

Садакбаев: Жолчулар менен компаниянын эсеби банк аркылуу болушу керек

Күн чабыт | 20 Дек 2018 | 850 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында эки күндөн бери тынчтык митинги өтүп жатат. Нааразычылык акцияда Балыкчы-Корумду жолунун жол куруучулары 3 айдан берки айлык маянасын ала албай жаткандыгын жүйө келтирүүдө. Ушул теманы улай жолдогу нааразычылыктар тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Талантбек Садакбаев менен «Күн чабыт» программасында талкууладык.

Жолдун айланасында нааразычылыктар биринчи жолу чыгып жаткан жок. Маселенин чыгып жатканын эмнеден көрүп турасыз?

Бул маселе каржылоонун жоктугунан чыгып келе жатат. Негизги себеби ушул. Жумуш берилгени менен каражат бюджеттен эч качан өз убагында которулбайт. Болбосо бюджетке кирген соң, дароо которулуп турушу керек.

Анткен менен, министрлик тийиштүү сумма кытайлык компанияга өз мөөнөтүндө которулган деп жатпайбы?

Министрлик которгон күндө деле «Лонг Хай» компаниясынын менеджментинин өзүнүн саясаты бар. Бирок мыйзам боюнча ар бир жумушчунун айлык маянасы убагында берилип турушу керек. Ошондуктан каражаттын кайда кетип жатканын караш керек дагы сөзсүз министрлик алардан отчёт суроого тийиш.

Эми буга жоопкерчиликти кайсы тарап алышы керек?

Албетте, жоопкерчилик өз тарабынан алынышы керек. Анткени мыйзамды бузуу эки тарапта тең бар. Ошондуктан жоопкерчилик дагы эки тарапта тең болушу керек.

Ушундай маселенин жаралбашы үчүн кандай механизм иштелип чыгышы керек?

Менин оюмча, жумушчулар менен компания ортосунда банк аркылуу келишим түзүлсө, ушундай маселелер чыкмак эмес. Анткени министрлик дагы компания дагы жоопкерчиликтүү мамиле кыла баштамак. Алар дагы банк алдында милдеттемелерди алмак. Ошондо мамлекет банкка тийиштүү сумманы которуп калмак. Болбосо маселе чечилбейт.

 Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM