Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылда 7 күн катары менен эс алуу деп жарыяланды

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 751 | 0

Өкмөт Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу тууралуу сунушун колдоого алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, кыргызстандыктар келерки жылы январдын башында жети күн удаа — 1-7-январь күндөрү эс алышат. Ошондой эле май айында да төрт күн – 9-12-май катары менен расмий түрдө дем алыш болот.

Бул күндөр 25-февралга, 8-апрелге, 2-сентябрга жана 6-майга туш келген дем алыштардын эсебинен алынды, андыктан алар иш күнү болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM