Биз менен байланышыңыз

Президенттин маалымат жыйыны (толугу менен)

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 3088 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекетттик резиденциясында журналисттерге маалымат жыйын берип жатат.

2018-жылдын саясаты көп болду

Анда президент узап бара жаткан жыл жакшы болгонун, бирок саясаты да көп болгонун белгиледи. Анда өлкөнүн 3 бутагы биригип, мамлекеттин келечеги үчүн чоң иштерди баштаганын белгиледи.

Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп кошуна мамлекеттер менен дагы жакын боло алдык. Көп маселени чечип, бардык деңгээлде кызматташа баштадык. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Түрк тилдүү мамлекеттердин жыйыны жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өткөнүн да кошумчалады.

-Бизди сүйүнткөнү, бизнестик рейтингде 77-орундан 70ке көтөрүлдү. 

Аймактарды өнүктүрүү жылы

Кыргызстанда миграция күч алып, аймактардагылар Орусия, Казакстан, Чүйгө кетип жатканын айтты. Аймакта жумуш орундарын түзүүгө механизм болбой, көнүл бурулбай келгенин белгиледи. Бул көйгөйгө маани берилип, бардык мамлекеттик кызматтардын көңүлүн аймакка бурду.

-Кыргызстанда жердин астында да үстүндө да суу бар, бирок ичүүчү таза суу жок. Ал болбосо, экономика, саламаттык болбойт. 

Санариптешүү, сот реформасы

Мамлекет башчынын айтымында, соттук реформаларга да аракеттер көрүлүп жатат. Санариптештирүү боюнча да иштер башталды.  12 жылдан бери чечилбей келген Коопсуз шаар долбоорун башталганын баса белгиледи.

-Ишкерлерге шарт түзүү, дотациядагы айылдарга шарт түзүү иштери да башталды. 2018-жылы ММК өкүлдөрү, жарандык коом, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчылары, донорлор менен жолукканын, эл арасында да жакшы сунуштар, ойлор айтылып жатат.

Бабанов боюнча

Өмүрбек Бабанов боюнча эки тапатуу да үч тараптуу да сүйлөшүү болгон эмес. Мен аны шайлоо алдындагы дебаттардан кийин көрө элекмин. Ал экс-президент менен эмне деп сүйлөштү, кандай келишим болду, билбейм.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коёюн, келечектеги президент катары эч кандай убада берген эмесмин. Мен силердин катарыңардан чыккам. Айылда дыйкандардын, ишчилердин, мугалимдердин катарынан чыккам. Маселени билем, программам карапайым калкты көтөрүү.

Айтып жатышат саткы деп, атка кондурушту. Мен бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп убада бербегеи. эжЭлдин кызыкчылыгын коргойм дегеи. Бир адам үчун саткын дешсе дешсин. Элди саткандан кудай сактасын. Революцмяларды көрдүм, билип туруп андай жолго барбайм.

Эл кызыкчылыгын саткан саткын болуудан Кудай сактасын

Ал эми «Өзүн президенттикке алып келген Атамбаевди сатты, саткын», деген айыптоолор тууралуу:

«Мен президент болоордо бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп убада берген эмесмин. Мен кыргыз элинин кызыкчылыгын коргойм деп сөз бергем. Бир адам үчүн «саткын» аталууга ыраазымын. Элдин кызыкчылыгын саткан саткын болуудан Кудай мени сактасын»,-деди.

Шайлоо штабы

Президенттик шайлоодо коротулган каражаттар тууралуу Фарид Ниязов жооп бериши керектигин билдирди.

Өлкө башчы президенттик шайлоо убагында өз арызынын негизинде премьер-министрлик кызматтан кеткенин, үгүт маалында аймактарда шайлоочулар менен жолугуп жүргөнүн айтты.

«Шайлоо маалында Бишкекке интервью бергени, дебат үчүн келип жаттым. Шайлоо штабына Чүйдү кыдырып жүргөндө келдим. Кейигеним, партияга кызмат кылган жөнөкөй балдарды саясатка аралаштырып жатышат. Алсак, Надира Сатыгул кызын 1996-жылдан бери билем», — дейт Жээнбеков.

Президент буга кошумча Надира Сатыгул кызынын Кыргызстанга келип сурак беришине, анын өмүрүнүн коопсуздугуна кызыктар экенин белгиледи.

«Анын өмүрүнө коркунуч келип жатса, Кыргызстанга келсин. Мен анын өмүрүнө коркунуч келтирген жокмун, ага кызыктар эмесмин. Тополоң кылып, кайра бийликке келүүсүнө жол бербейм. Мага өлкөнүн келечеги баарынан кымбат турат. Бул боюнча иликтөө иштер жүрүп жатат», — дейт өлкө башчы.

Белгилей кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы быйыл ноябрь айында өлкөдөн чыгып кеткен. Надира Сатыгул кызы коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлдөрү ырасташкан.

Иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу

Асылбек Жээнбековдун бийликке аралашып жатканы же мыйзамсыз аракеттери тууралуу факты болсо каралат.

Президент маалымат жыйынында Матраимов тууралуу да айтып, анын үйү мурдагы президенттин учурунда салынганын, ал текшерүүгө алынарын айтты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тийиштиги бар деп айтылып жүргөн “Апрель” каналынын суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөргө токтолду.

— Факты болсо, мен баарын текшерем. Тартып, так маалымат берсеңер карайбыз. Матраимовдун үйү силерге суроону даярдап жөнөткөн адамдын учурунда курулган. Ал үчүн мени күнөөлөгөн болбойт. Алар менин убагымда курулган жок,-деди мамлекет башчы.

Сөзүнүн уландысында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйү текшерүүгө алына турганын билдирди.

«Кийинки президентке акыл үйрөтпөйм, башкарбайм»

Президент Сооронбай Жээнбеков бийликтин ар бир бутагы өз алдынча иштеши керектигин, буга шарт түзүлүп жатканын айтты. Журналисттерге берген маегинде парламент да өз алдынча иштеп баштаганын билдирди.

-Сотко, аппаратка да айттым. Өкмөткө да “арабаңарды өзүңөр айткыла” дегем.  Азыр соттор өзү чечсе да, жогору жакка шилтейт. Жогору жак азыр аларга эч нерсе дебейт. Ар ким өзү жооп бериши керек.

Азыр эл арасында сот туура чечсе, Жээнбеков жакшы, туура эмес чечсе, президент жаман деген көз караштар бар экенин белгиледи. Мамлекет башчы соттордун ишине аралашпай турганын да айтты. Орусияда жүргөн Өмүрбек Бабанов тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

-Бабанов саясаттан кеттим деп өзү айткан. Кетип-кетпешин өзү чечет, бирок ошентип айткан. Ага иш менин убагымда козголгон эмес. Менде саясий оппонент да жок. 6 жылда баарына шарт түзүп, андан кийин эл арасында эле жүргүм келет. Кеткенден кийин мен акыл үйрөтүп, кийинки президентти башкарайын деген оюм жок,-деди президент.

Кытайдагы камоолор боюнча: Маселе бакырсаң эле чечилип калбайт

Кытайда камалган кыргыздарды бошотуу боюнча маселе аябай оор. Буга абдан аяр мамиле жасалышы керек.

-Бул маселеге жогорку дипломатиянын негизинде карашыбыз керек. Мисалы, Кыргызстанда кытайлык 10 жаран камакта жатат. Бирок ал өлкөнүн бийлиги “бошоткула” деп бакырган жок да. Ал жактагы биздин туугандарыбыз – Кытайдын жарандары. Кошуна өлкөнүн ички ишине кийлигише алабыз,-деди мамлекет башчы.

Учурда Кыргызстандын жараны болгон адамдарды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

-Биздин жарандар боюнча иштеп атабыз. Жөн отурган жокпуз. Көчөгө чыгып алалыбы? Бакырсаң эле маселе чечилип калса, биринчи болуп мен көчөгө чыгат элем,-деп баса белгиледи.

Кыргызстан көп улуттуу өлкө экенин, кошуна мамлекеттер бири-биринин ички саясатына кийлигише берүүсү туура болбой каларын кошумчалады.

«Менде саясий оппонент жок»

Менде саясий оппонент жок. Ал алты жылдан кийин кызматтан кеткенде эл арасында басып жүрүүнү гана каалайм. Саясий оппонент деген –кийинки бийликке атаандаш болгон адам.

Жээнбеков аларга бирдей шарт түзүп берүүнү, алар 2020-жылы парламенттик шайлоодо эл колдоорун каалайт.

Ал эми иш козголгон айрым саясатчылар тууралуу айтып, аларга укук коргоо органдары жооп берерин кошумчалады.

«Кумтөр» иштеши керек»

Анын айтымында, учурда өкмөт «Кумтөр» боюнча 2017-жылдын сентябрь айында кол коюлган стратегиялык келишимди жакшыртуу боюнча иштеп жатат.

«Жылыштар бар. Өкмөт башчы менен дагы сүйлөштүм. Саясат «Кумтөргө» таасирин тийгизбеши керек. Бул ишкана жылына 9 млрд сомго жакын салык төлөйт. Андыктан «Кумтөр» иштеши керек. «Кумтөр» меселеси боюнча бир топ коммиссия түзүлүп, бирок жакшырбай жаткан. 2009-жылдагы бийлик стратегиялык келишим түзүп, аны өкмөт да, парламент да, сот бийлиги да бекитип берген. Ошол кездеги президент ага кол койгон. Кайсы сотко барбайлы буга маани берет. Соттошуу оңой, бирок «Кумтөрдүн» келдечеги кандай болот?» — дейт өлкө башчы.

Жээнбеков, өлкөгө келген түз инсвестициянын көлөмү 31 пайызга төмөндөгөнүн айтып, инвесторду тартып келүү татаал иш экенин белгиледи.

«Чаткалда, «Макмал» кениндеги чырларды башка инвесторлор дагы угат. Вице-премьер-министр форумга барып, ишкерлерге Кырызстанга барбагыла деп жатса ким келет? Сырттан түз инвестиция алып келмейинче экономиканы көтөрүү оор. Насыя акча  алуу оңой, ал миллиарддап келет. Бирок түз инвесторду алып келүү оор. Аны баалашыбыз керек», — дейт Жээнбеков.

Атамбаевдин кол тийбестиги алынса…

Президент Сооронбай Жээнбековго: “Мурдагы мамлекет башчынын кол тийбестиги алынса, жоопко тартууга даярсызбы?”-деген суроо берилди. Анда ал атасынын айткан сөздөрүн мисал келтирип, “Мамлекеттин укуругу узун. Ошол үчүн баарын ойлоп иш кыл. Эч ким көрбөй турса да Кудай көрүп турат,”-дегенин эске салып, төмөнкүдөй жооп берди.

-Мен эч кимди жоопко тартпайм, тиешелүү органдар тартат. Баарыбыз мыйзамдын алдында бирдей болушу керек,-деди мамлекет башчы.

«Орусиядагы мигранттардын маселеси олуттуу»

Орусиядагы элчи болушунча аракет кылып жатат жана эми ал жакка тажрыйбалуу элчи барат.

Ошондой эле Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине ал жактагы миграция комитети менен ИИМдин бөлүмүн бириктирүү каралып жатканын айтты.

Орусиядагы кыргыз мигранттарына жакшы шарттарды түзүү жолго коюлганын эскерткен Жээнбеков:

«Биздин максатыбыз — мигранттар жургөн жерлеринде жакшы шартта иштөөсүн камсыз кылуу. Жакында Орусия көптөгөн кыргызстандык мигранттарды кара тизмеден чыгарды. Бул бир гана Кыргызстан үчүн жасалды. Бул аракет дагы уланат», — деди.

Эске салсак, чет элде жургөн кыргыз мигранттарынын жалпы саны 800 миңди ашат. Алардын 600 миңдейи Орусияда иштешет.

«Партиялар катарын тазалап, тизмелерине маани бериши керек»

«Азыр шайлоо кодексин өзгөртүү боюнча иштеп жатабыз. Бул шайлоонун айкын өтүшүнө шарт түзөт. Мындан сырткары партиялар дагы катарын тазалашы керек. Тизмелерине маани беришсе, анткени парламенттин сапаты тизмедегилерден көз каранды. Кыргызстанда парламенттик мамлекет түптөйбүз», — дейт президент.

Ал мындан сырткары, тышкы саясатта саясий маселелер көп сүйлөшүлөрүн, ошону менен катар экономикалык, коммуникациялык, темир жол куруу долбоорлор боюнча дагы талкуулар болорун айтты. Өнөктөштөр түрдүү форматта кыматташууга даяр экенин билдирди

Өлкө башчы буга кошумча, өткөрмө бекеттерин, лабораторияларды ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү багытында иш-аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.

«Пара алган да, берген да эмесмин»

Ага «узак жылдардан бери саясатта жүрөсүз. Кандайдыр бир иш үчүн пара алып же бергенсизби?»,-деген суроо берилди. Ал эч качан пара алган да, берген да эместигин айтты.

Ал саясаттагы жашоосунда пара берүүгө муктаж болбогонун, андай кырдаалга туш болбогонун кошумчалады.

Ошондой эле ал коррупциялык иштерге аралашып калбоо, арам нерседен узак болуу үчүн Кудайдан суранып, намаз окуганын да белгиледи.

«Чечимди жеке өзүм кабыл алам»

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык чечимдерди өзү кабыл алат. Ал эл, ММК өкүлдөрү жана мурдагы жетекчилер менен жолукканда ар кандай сунуштарды укканын, кеңештерин кабыл алганын билдирди.

-Бирок маселе канчалык оор болбосун, баарын өзүм чечем. Анткени буга мен өзүм жалгыз жооп берем. Кудайдан сурайм, мени адаштырба деп тилейм,-деди мамлекет башчы.

Жээнбеков жылдык мааракелерге каршы

Анын пикиринде 80 жылдык, 90 жылдык мааракелерди чоң салтанат менен өткөрүү туура эмес. Андан көрө илимий-тарыхый конференцияларды өткөрүп, тарых сүйлөнсө жакшы болмок.

Ошондой эле ал аймактардын юбилейинин урматына ал жерлерге социалдык объектилерди куруп, өнүгүүсүнө салым кошуу туура болорун кошумчалады.

Жеке жашоосу тууралуу

Ал жеке жашоосу тууралуу мурда айткан эместигин белгилеп, эми айтпаса болбой турганын билдирди.

Президент эртең менен саат 07.30да ишке барат. Аппараты келгенче өз алдынча иштеп, же китеп окуйт. Кечкисин жумуштан чыгып бара жатып, маалыматтарды карап окуп чыгат жана ишин үйүндө да улантат.

Жээнбеков азыр үй-бүлөсүнө убакыт бөлбөй калганын, аны ойлоого да убакыты жоктугун кошумчалайт.

Алар өзү менен өзү. «Ассалом алейкум, келдим, кеттим»..эле болуп калды. Негизи жакшылык-жамандыкка барып турчумун. Азыр такыр барбай калдым”- деди өлкө башчы.

Президент жеке жашоосунда башка кызыктар да жок экенин сөзүнүн аягында кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM