Биз менен байланышыңыз

Финансылык чалгындоо кызматы: Документти таратканга чара көрүлөт

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 542 | 0

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылганы чын. Бул документти интернетке тараткан тараптарга чара көрүлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, быйыл август айында террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого багытталган мыйзам долбоору кабыл алынган. Анын негизинде Финансылык чалгындоо кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү сурап жатат.

Бул боюнча бардык коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргөн.

Эске салсак, 18-декабрда Финансылык чалгындоо кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылганы боюнча маалыматтар тарап, бул кадам туура эмес экенин адистер айтып чынышкан.

«Кыргызстандын банктар союзу» биримдигинин президенти Анвар Абдраев «Марал» радиосуна берген маегинде Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылганы туура эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, 17-декабрда банктын өкүлдөрү менен аталган маселе боюнча жолугушуу өткөн, кырдаалды чечүү өтүнүчү менен өкмөткө кат жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM