Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Кыргызстанга 6,5 млн евро грант бөлдү

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 466 | 0

Евробиримдик Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн грант түрүндө 6,5 млн евро бөлдү. Биринчи транш жакынкы күндөрү келип түшөрү кабарланды.

Маалыматка ылайык, бул акча Евробиримдик тарабынан социалдык чөйрөнү колдоо программасына бөлүнгөн 26 млн евронун экинчи төлөмү.

Программа алкагындагы биринчи 4,25 млн евро көлөмүндөгү төлөм 2016-жылдын башында жүргүзүлгөн, акыркы төлөмү 2019-жылдын аягында жүргүзүлөт.

ЕБ тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун негизги максаты — калкка көрсөтүлүп жаткан социалдык жардамдын сапатын жана түрлөрүн кеңейтүү. Өзгөчө коркунуч тобуна кирген балдарга колдоо көрсөтүү, балдарды коргоо боюнча мамлекттик саясатты ишке ашыруу жана андан тышкары мураскорлукту өнүктүрүү.

Андан тышкары Евробиримдик маалымат жана техникалык жардам көрсөтөт. Атап айтканда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана Каржы министрлигинин кызматкерлери окутулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM