Биз менен байланышыңыз

Авиакосмикалык куралданууда Орусия АКШны артта калтырды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 617 | 0

Америка Орусиянын эң жогорку ылдамтыктагы космикалык куралдарына туруштук бере албайт. Мындай билдирүүнү АКШнын Эсептөө палатасы жарыялады.

Докладда Орусиянын аскердик өндүрүшүнүн жаңы куралдарынын Америка үчүн кооптуулугу тууралуу да айтылат.

«Кытай менен Орусия учурда эң жогорку ылдамтыктагы космикалык куралдарды чыгаруунун үстундө иштеп жатышат. Ал катуу ылдамдыгы, учуусунун бийиктиги жана кыймылынын ыкчамдыгы менен көпчүлүк ракеталык коргонуу системаларын буйтап өтүп кете алат. Алар узак аралыктан сокку урууда жөнөкөй жана өзөктүк куралдар үчүн да колдонулат. Азырынча буга каршы туруштук бере ала турган бир да система жок»,-деп айтылат билдирүүдө.

Бул Орусиянын дүйнөнүн маанилүү аймактарындагы позициясын бекемдөөгө, Американын күч түзүмдөрүнө хакердик чабуулдарды жасоого, жадагалса анын космостогу спутниктерин жок кылууга жарай турганын билдирген эсеп палатасы Кремлдин дүйнөдө оор техникалык өндүруштө лидерлигин орнотууга жетишкенин эскертти.

Кошумчалай кетсек, Орусия жогорку ылдамдыкта учуучу учактарды жана суу астында жүрүүчү аскердик кемелерди да ишке киргизип, америкалык чалгындын бутасына илинбей турган деңгээлге келгени да айтылды. Буга байланыштуу АКШ президенти Трамп космос күчтөрүн түзүп, жандантууну тиешелүү тузумдөргө тапшырды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM