Биз менен байланышыңыз

Ипотекалык үй: алгандар да, арыздангандар да бар

Коом | 18 Дек 2018 | 1071 | 0

Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан турак үйлөрдү алууга 4 миллиард сомдон ашык каражатка насыя берилди. Анын ичинен эӊ көбү Ош, Жалал-Абад, Чүй аймактарынын жашоочулары алса, кийинки орунду Ысык-Көл облусу түздү.

Акыркы бир айдын ичинде мамлекеттик ипотекалык компаниядан Каракол шаары боюнча үй алгандардын катарын эӊ жаш адис Алина Ынтымакова толуктады. Ал облустук телеканалда эмгектенип, 6 кеситештешинин жолун жолдоп отурат. Албетте, насыяга турак-үй алуу оӊой болгон жок. Анткени жарым жылдап документ камдап бул ийгиликке жеткенин айтты.

-Мен мамлекеттик ипотекадан үй алууга шартым туура келгенине абдан кубанычтамын. Бирок бул ийгиликке жетүү оӊой болгон жок. Анда айлык маянанын түзүмү, банктык талаптар сыяктуу бир нече документтерди кезек күтүү менен бүтүрдүм.  Бирок жаман эмес, 1 миллион сомго 2 бөлмөлүү үй сатып алдым. Эми ай сайын 9 миӊден 15 жылга чейин насыяны төлөйм. Менимче, мурдагы батир сыяктуу бөлөк бирөөнүн чөнтөгүнө төлөгөнчө, мында өз үйүмдүн акчасынан кутулуу жакшы болсо керек.

Алина сыяктуу эле Каракол шаары менен Ак-Суу району боюнча 2017-жылдын сентябрь айынан бери 159 адам мамлекеттик компания аркылуу турак-жай сатып алышты. Бирок азыркы күндө арыз менен кайрылган жарандардын тизмелери алда канча азайып калды. Анын себеби жеке менчик кызматтагыларга байланыштуу. Бул боюнча шаардагы экономикалык өнүктүрүү турак-жай жана чарба бөлүмүнүн адиси Албина Ниязова жашырган жок.

-Биз “Арзан турак жай 2015-2020”-жылдардагы программанын негизинде өз ишибизди улантып жатабыз. 2017-жылдан бери 250 адам турак-жай алууга арыз калтырса, алардын 159 камсыздалып, 91 белгисиз себептер менен кармалууда. Мамлекеттин талабы боюнча ал жакта саламаттыкты сактоо менен билим берүү тармагынан, күч түзүмдөрүнөн жана бардык бюджеттик мекемелер камтылган. Бирок өткөн жылга салыштырмалуу быйыл мамлекеттик ипотекадан үй алам деген арыздар азайды. Тескерисинче, оозеки кайрылгандар көп. Алар жеке менчик кызматкерлер болуп чыгууда. А мамлекеттин талабы боюнча бюджеттик мекемедеги кызматкерлер алуусу керек.

Демек, мунун биринчи себеби эл ичинде мамлекеттик ипотекага болгон ишеним азайып бараткандыгынан кабар берет. Анткени жашоочулар бир нече документти даярдап алганы менен акыркы этабына келгенде 50%га жакыны убара тартышууда. Анда кирешенин аздыгы башкы маселе жаратып жаткандыгын облус тургундары белгилешет.

Ипотекалык насыя үйдө киреше жок болсо берилбейт экен. Ѳкмөт бир канча арзандатуу болот деп иштегени менен азырынча биз пайда таба элекпиз. Мамлекеттик кызматтагыларга берилет дегени менен, жогору жактагылардын айылыгы көп, аларга билинбейт. Чындыгында, биз үчүн 6-7 миӊ сомго үй алыш оӊой эмес.

-Караколдо чоӊ киреше болушу мүмкүн эмес. Андай көп маяналуу кызматты Бишкектен гана жолуктурууга болот.

-Банк койгон талаптарды угуп эле, ипотекага үй алгыбыз келбей калды. Антип үй алганча, үйүбүздө кара чай ичип отурганыбыз артык.

-Мамлекеттик кызматтагыларга берилет деген менен азыр ал жакка жумушка орношууга орун жок. Мына жаштардын 50% ЖОЖдорду бүтүп алышып, бирөө да өз кесиби менен иштешпейт. Базарда отуруп жан багып жатат, анан аларга кайдагы ипотекага үй берилмек эле.

Деген менен, жергиликтүү жашоочулардын мындай пикирин Ысык-Көл облусундагы кызматкерлер четке кагышат. Анткени үстүбүздөгү 1 жыл 3 айдын ичинде аймак боюнча жалпы 538 адам мамлекеттик ипотекага кайрылуу жасаса, алардын 268 турак-жайга ээ болушту. Калган 270 жарандын арызы боюнча тиешелүү документтер комиссия тарабынан каралып, толуктоо болуп жаткандыгын облустук өкүлчүлүктүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Исланов маалымдады.

Азыркы күндө көп үй-бүлө ипотекага насыя алып, турак-жай алалы деген аракети бар. Учурда арыз калтырган кээ бир жарандардын документтери толукталып каралып жатат. Бирок ошол эле учурда банкта да тиешелүү талапты эске алышат. Дегеним, айрым жашоочулар үйүндөгү киреше-чыгашаны эске албастан, чоӊ кадамга барууда. Алар эртеӊки жашоосунда карызын төлөй албай кыйналып калышы мүмкүн. Эми үстөк пайыздын көлөмү дагы азайып жатат. Келерки убакта 7 % менен бериле баштайт.

Айта кетсек, мамлекеттик ипотекалык компаниянын 12-8%га чейин берген насыядан Ак-Суу району менен Каракол шаарынан 159, Балыкчыда 66, Ысык-Көл районунда 17, Түптө 12, Тоӊдо 8 жана Жети-Ѳгүз районунда 6 адам турак-жай алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM