Биз менен байланышыңыз

КСДП: Кодуранова вице-спикерликтен негизсиз алынды

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 816 | 0

КСДП партиясынын катчылыгы Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан алынышы боюнча расмий билдирүү таратты. Партия Асел Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан алынышында регламент жана фракциянын жобосу одоно түрдө бузулганын белгилейт.

Себеби эл өкүлдөрүнө алдын ала кабар берилбей, чукул арада жыйын өткөрүлгөн, Жыйынга 14 эле депутат катышкан жана депутаттардын добуш берүү укуктары боюнча эрежелер сакталган эместиги айтылды.

Парламенттин регламентине ылайык Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларын дайындоо жана кызматтан алуу алгач тармактык комитетте, кийин жалпы палатада чечилиши керек. Бирок партиядан билдиришкендей, соңку жагдайда бул процедура сакталган эмес.

Эске салсак, өткөн жумада Асел Кодуранова вице-спикерликтен алынган. Анын ордуна КСДП фракциясы Аида Касымалиеванын талапкерлигин сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM