Биз менен байланышыңыз

1-январдан тарта ишкерлердин бизнеси текшерилбейт

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 1812 | 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө» токтомуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүчү тузүмдөрдүн жетекчилери менен өткөн кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык»программасында ишкерликти колдоого алуунун чараларынын бири катары текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү каралган.

Мораторий 1-январдан тарта күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-январына чейин иштейт.

Бизнестер мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүгө алынбаганы менен, өндүрүлгөн продукциялардын сапаты жана коопсуздугу көзөмөлгө алынып турат.

Өкмөт башчы белгилегендей, бизнести текшерүүгө киргизилген тыюу салуу формалдуу түрдө болбостон, ишкерликти колдоого алуунун натыйжалуу механизми катары каралышы керек.

Абылгазиев кол коюлган токтомду аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликти ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине жүктөп, бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну жана ишкерлик субъектилерди негизсиз текшерүүгө жол бербөөнү  тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM