Биз менен байланышыңыз

Президент: Мекендештер — экономикалык инвесторлор

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 706 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык мигранттар күнүнө карата кайрылуу жасады. Анда өлкө башчы Кыргызстан чет мамлекеттерде иштеп жаткан мекендештеридин эмгегин жогору баалай турганын айткан. Муну менен катар мекендештер Кыргызстанда маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашырып жаткан экономикалык инвесторлор экенин белгилеген.

Кыргызстандын миграциялык саясаты жарандардын турмушун жакшыртууга, айрыкча үй-бүлөнүн камкордугунда тарбиялана турган балдардын кызыкчылыктарын коргоого багытталууга экенин белгилеген президент бийлик ар бир региондо татыктуу жумушчу орундарын түзүүгө милдеттүү экенин айткан.

«Миграция иштеп табуунун негизги булагы болбошу керек, жаңы билим, тажрыйба жана көндүм алуунун мүмкүнчүлүгү болгону оң. Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында чет мамлекеттердеги мекендештерибизге колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруу, аларды мекенине кайра кайтып келиши үчүн шарт түзүү милдети каралган. Мамлекетибиз бул багытта жигердүү иштерди улантып, мекендештерибиздин кайтып келиши үчүн таасирдүү чараларды көрөт. Балдарыбыз, алардын келечеги тууралуу биздин жоопкерчилигибиз, мекен алдында милдетибиз мына ушунда. Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө жана балдарыңыздарга чың ден-соолук, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм», — дейт Жээнбеков.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиргенине караганда, быйыл IV «Мекендештер» форуму өткөрүлгөн. Президенттин алдында чет мамлекеттердеги мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш түзүлгөн. Анын милдети — мамлекеттик бийлик органдары менен мекендештердин ортосунда натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу, чет өлкөлөрдөгү мигранттарды колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM