Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытайдан турган үй-бүлөлөрдүн саны 60ка жетти

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 1119 | 0

Кыргызстандын аймагына быйыл 35 миң  215 кытай жараны кирип, 34 миң 436 кытай жараны чыгып кеткен. Былтыр 41 миң 307 кытай келип, 40 690у өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянып билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын визасын 21 миң 017 кытай жараны алган. Анын 14 миң 492си электрондук виза.

Былтыр 12 миң 310 виза алынган, анын ичинде 1013 электрондук виза, ошону менен бирге көп жолку виза алгандар өлкө аймагына бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, убактылуу жашаганга уруксатты 11 миң 966 кытай жараны алып, алардын ичинен 9 миң 498и Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксат алган.

Мындан тышкары 2010-2018-жылдары жалпысынан Кыргыз Республикасынын 60 жараны Кытай Эл Республикасынын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан.

268 кытай жараны Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1 казак улутундагылар бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM