Connect with us

Саламаттыкты сактоодогу «сол чөнтөк» качан жоюлат?

Ден соолук | 18 Дек 2018 | 1377 | 0

Өткөн аптада Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айрым министрлерге карата катуу сын айтып, электрондук өкмөттү ишке ашырууда кеч калып жаткандарды белгиледи. Алардын катарында Саламаттыкты сактоо тармагы эң артта калган министрлик экенин айтып, жарандар тараптан дооматтардын көпчүлүгү да аталган министрликке карата болуп жатканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында саламаттыкты сактоо тармагы эң артта экенин белгилеп, тез арада аракет кылууну тапшырды. Электрондук системанын толук ишке ашпай жатканынын кесепетинен коррупциялык схемалар бар экенин белгиледи.

Элдин эң көп нааразычылыгы Саламаттыкты сактоо тармагына болуп жатат. Мамлекеттик менен жеке менчик ооруканаларды салыштырып жатышат. Ооруканаларда акча жүрүп жатат, бирок дарыгердин чөнтөгүнө түшүп жатат. Жеке менчик ооруканага барса дароо кассага барат, мамлекеттик ооруканада болсо дарыгердин чөнтөгүнө кетип жатат. Ошону ачыкка чыгарсак, ал мамлекетке түшөт.

Эл дагы эгерде саламаттыкты сактоо тармагы электрондоштурулуп, баары мыйзам чегинде, акчага эмес, бейтаптын абалына жараша мамиле кылынса деген тилегин билдиришти.

Жакшы карасын деп баарыбир колуна да бересиң.

-Ооруканада турганың, басканың акча. Акча берсең, жакшы карашат.

-Жеке менчиктегидей каасага эле берип, ошого жараша текшерсе жакшы болмок.

-Бизде кезек күтүп тургандан көрө деп акча берип кирип кетишет. Бардык жакта акча.

Деген менен, бул тармактагы адистердин пикиринде саламаттыкты сактоо тармагы бүгүнкү күндө толук реформага муктаж болуп турат. Адистердин бейтаптарга болгон мамилеси, кесипкөйлүгү-дарыгерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо жана камкордуктан көз каранды дешет. Түркияда  бир нече жыл саламаттыкты сактоо багытында иш алып барган адис Азамат Абдилжапаров Кыргызстандагы абалды дарыгерлердин айлык акысы менен байланыштырат. “5-6 миң алган дарыгер айла жок бейтапты эмес, баласын кантип багууну ойлогон заманда турат”,- дейт.

-Түркияда мамлекет жеке сектор менен келишим түзөт. Милдеттүү камсыздандыруу жолу аркылуу жеке менчик ооруканага берип турат. Мисалы, 200 сом болсо, анын 160 сомун мамлекет берип, 40 сом бейтаптан алат. Натыйжада, дарыгер кайдан акча табам, эмне кылам деп ойлобойт. Мамлекет ага шартты түзүп, айлыгын да жакшы берет. Анын жалгыз милдети — бейтапты кароо. Ал эми мамлекеттик оорукана эч кандай акча албайт. Жада калса, бир жака жолдомо жазса да.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да каражаттын кассага эмес, сол чөнтөккө түшүп жаткан учурлары бар экенин моюнга алат. Бирок буларды үстүртөн эмес, системалуу түрдө жоюуга аракет кылып жатканын белгиледи. Кийинки жылдардан Бишкек шаарындагы ооруканаларда төлөмдөр кассага эмес, түздөн-түз электрондук түрдө төлөөгө өтөрүн кабарлады.

Бул маселе жалпы жонунан айтылып жүрөт. Бирок тиешелүү оорукана же дарыгерге деп арыздангандар боло элек. Бирок маселе тереңинде жатат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн системалуу аракет жасоо керек. Эң негизги көйгөй айлык акы болуп жатат. Буйруса, бул багытта иштер болот. Маселен, биздин план боюнча кийинки жылы төлөмдөр түздөн-түз электрондук түрдө болуп калат.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо тармагында электрондоштуруу аракеттери 2017-жылы башталган.

Copyright © 2017 Maral FM