Биз менен байланышыңыз

141 аткаминер мүлкү тууралуу маалыматтарын жашырган

Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 682 | 0

141 аткаминер мүлкү тууралуу маалыматтарын жашырган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, алардын ичинен 19у мамлекеттик кызматтарды, атайын кызматтарды — 21, саясий жана муниципалдык кызматтарды — 27, жогорку ызматтарды — 65 жана башкы кызматтарды — 9 ээлейт. Алар тууралуу бардык маалымат башкы прокуратурага укуктук баа берүү максатында жөнөтүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Маалымат боюнча, декларацияларда мүлк, жер тилкелери, унаа жана банктык эсептер тууралуу дал келбестиктер бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM