Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев бизнес акыйкатчы институтун түзүүнү тездетүүнү тапшырды

Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 484 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес акыйкатчы институтун түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда Абылгазиев учурда бизнести текшерүүгө мораторий жарыялоо жана бизнести тейлөө борборун түзүү маселеси иштелип чыгып жатканын маалымдады.

Экономика министри Олег Панкратов бизнес-омбудсмен – бул мамлекеттик эмес көз карандысыз институт экенин айтты. Институттук негизги багыты укук, көз карандысыздык жана айкындуулук үстөмдүгү принциби болуп саналат.

Институт кабыл алган чечимдер ачык-айкын жана коомчулук үчүн жеткиликтүү саналат.

Өкмөт башчы бизнес-омбудсмен институтун түзүү процессин тездетүүнү жана бардык зарыл ченемдик-укуктук актылардын тыкыр даярдалышын камсыздоону тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM