Биз менен байланышыңыз

Ишкерди алдаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 483 | 0

Ири көлөмдөгү зыянга учураткан алдамчылык  фактысы боюнча шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козголуп, Бишкек шаарында жашаган 1973-жылы туулган жаран кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Быйыл күзүндө укук коргоо органдарына Бишкек шаарынын тургунунан арыз келип түшүп, анда алдоо, коркутуу жолу менен 350 миң доллар турган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 6280 чарчы метрлик кыймылсыз мүлкүн (пансионатын) ээлеп алган жаранга чара көрүүнү суранган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мурда жабырлануучу менен кармалган адамдын ортосунда бизнести чогуу иштетүүгө байланышкан макулдашуу түзүлгөндүгү аныкталган. 2010-жылы жазында арыздануучу бизнести жүгүртүү үчүн 60 миң долла акча каражатына бааланган бир нече автоунаа менен акча каражатын алган. Эки жылдан кийин кармалган жаран акчасын талап кыла баштаган. Ошондуктан ишкер күрөөгө коюлган Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан пансионатынын башкы күбөлүгүн берген.

Азыркы учурда ИИМдин Криминалдык милиция кызматы УКМК  менен биргеликте кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM