Биз менен байланышыңыз

Аалы Карашев экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2018 | 729 | 0

Экономиканы көтөрүү үчүн бардык тармактарда реформа жасаш керек. Азыр министрликтерге көп сын айтылууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгону менен бул потенциалын пайдалана албай жатат. Өкмөт буга чара көрүп, реогионалдык кызматташтыкты күчөтүшү зарыл. Мындан сырткары жергиликтүү өндүрүшкө көңүл буруш керек. Анткени  өнөр жай ишканалары курулмайынча экономика өспөйт.

«Жумуш орундарын түзсөк салыктар көбөйөт. Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн каражатты дагы толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Энергетика, тоо-кен тармагын өнүктүрүп, айыл чарба продукцияларын экспорттоого көп көңүл буруу зарыл», — дейт Карашев.

Ал Аймактарды өнүктүрүү жылына карата ар бир айыл өкмөт аракет кылып жатканын, бирок баары келип каражатка такаларын айтат.

Ошондой эле президент тышкы саясатта да, ички саясата да аракетин жасап жатканын белгилеп, анын ишине 2019-жылга өткөндө баа берүү туура болоруна токтолду.

«Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү 2018-2040 стратегиясы кабыл алынды. Бул жакшы. Өкмөт дагы колунан келген аракетти жасап жатат. Бирок популярдуу эмес демилгелерди көтөрүп, ал колдоо тапкан жок. Өкмөт башчыны бекиткен соң анын иштешине шарт түзүп берүү зарыл. Чечүүчү мезгилге келгенде парламент өкмөттү колдоп жатабыз. Бирок ошол эле мезгилде жыйынтык болушу керек. Жылдын жыйынтыгы менен баа берилет», — дейт эл өкүлү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM