Биз менен байланышыңыз

Транспорт министри Калилов отставкага кетти

Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 983 | 0

КР Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетүү тууралуу арыз берди. Муну ал өзү тастыктады.

Кечээ Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Калиловдун дагы деле кызматты тапшырбай отурганын сындап, аны тергөө иши бүткөнгө чейин кызматынан узакташтырууну премьер-министрге тапшырган болчу.

Бирок Калилов бүгүн өз ыктыяры менен кетүүнү чечип, арыз бергенин билдирди. Анын арызын кабыл алууну өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев президентке сунуштады.

Эске салсак, 5-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев ири көлөмдөгү пара менен кармалган. Ал жол куруу жана оңдоо боюнча тендердик комиссиянын төрагасы болуп, чет элдик компанияга тендерди өткөрүп берүү үчүн 520 миң доллар өлчөмүндөгү пара алууга макулдашкан. Министр өзү орун басарынын бул ишинен кабары жоктугун айтканы менен коомчулук жана саясатчылар анын жоопкерчилигин кароону талап кылып келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM