Биз менен байланышыңыз

«Биоактивдүү кошулмалар балдарга зыян»

Ден соолук | 14 Дек 2018 | 1617 | 0

Биоактивдүү кошулмаларды ичип жүргөн 7 жаштагы кыздын кекиртегинде жара пайда болуп, ооруканага түшкөн. Бул боюнча Энени жана баланы коргоо борборунун дарыгери айтып чыкты. Дарыгер социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсүндө, жаш балага биоактивдүү кошулма берип жүргөнүн эне жашырганын жазып, бирок текшерүүдөн кийин ичкен кошулмалардын зыяны тийгени аныкталган. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун маалыматы боюнча, мындай учурлар жылына 7-8 жолу катталат.

7 жаштагы кыз биоактивдүү кошулмаларды ичип жүрүп кекиртегинде күйүк пайда болгонун аны дарылаган Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Гүлсара Кожоналиева маалымдады. Анын айтымында, кыз “Сибирское здоровье” компаниясынын дарыларын мите курттарга каршы ичип жүргөн. Бирок текшерүү учурунда ашказанга кеткен кекиртекте күйүк пайда болгону байкалган. Энеси биактивдүү кошулма берип жүргөнүн жашырганы аракет кылган. Бирок бейтапты аппарат менен текшерүүдө баары анык көрүнгөн.

Бизге бейтап биоактивдүү кошулманы ичкенден кийин келип түштү. Таң калганым, апасы башында ал кошулмаларды ичип жүргөнүн жашырган. Бирок текшергенден кийин баары анык көрүнүп калды. Натыйжада, өзү мойнуна алды. Азыр кыздын абалы жакшы. Менин оюмча, бул биоактивдүү кошулмаларды балдарга такыр бербеш керек.

Мындай учурлар Энени жана баланы коргоо борборунда биринчи жолу эле каталган эмес. Жылына дарыгер көрсөтмө бербеген дарыларды ичип, кеминде 7-8 баланы ата-энеси алып келет. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, биоактивдүү кошулмалар балдар үчүн зыян. Анткени анын кайсы бөлүгү баланы активдештирип салганы белгисиз жана иммунитетти алсыздатышы мүмкүн.

-Ата-энелер дарыгер айтпаган дарыларды, кошулмаларды берип, аягында балдарын бизге алып келишет. Аларга эмнеге бердиң десең, өзүм билемдик кылышат. Баланын организми жаңыдан өсүп келе жатканы үчүн биоактивдүү кошулманын кайсы бөлүгү аны активдештирет, белгисиз. Билбей эле балага берип, ушундай учурларга туш болушат.

Деген менен, Америка сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө нандай керектелген биоактивдүү кошулмалардын эч кандай зыяны жок дегендер да бар. «Ар бир кошулма жаш балага өзүнчө көрсөтүлгөндүктөн, аны айтылганына жараша ичүү сунушталат»,- дейт атын атагысы келбеген сатуучулардын бири. «Көп ичсе зыяны тийиши мүмкүнбү?» деген сурообузга, табигый кошулма болгондуктан, зыяны тийбей турганын айтып, мисалы менен түшүндүрүүгө аракет кылды.

Биоактивдүү кошулмалардан ашказаны күйүп калышы мүмкүн эмес. Биздин тажрыйбада бир аялдын баласынын дене табы 3 күн катарынан көтөрүлүп, баласына цинк берет. Аны берип өзү уктап калгандыктан, баласы дарынын баарын жеп салат. Көп дозада жегендиктен зыян болду го деп ойлосо, эч кандай зыяны болбогонун айткан. Булар табигый кошулма болгондуктан зыяны жок.

Ооруган учурда бейтап үчүн баары маанилүү. Биоактивдүү кошулмаларды саткандарды көбүрөөк бизнес кызыктырарын айткан Камчыбек Узакбаев чет өлкөлөрдөгү сыяктуу аларды жарнамалоого тыюу салуу керектигин сунуштайт.

Элдин баары аларга ишенет. Анткени алар ооруп жаткан кишилерге далилдүү кылып айтышат. Анан ооруган кишилер ошолорго ишенет. Айрым өлкөлөрдө ушундай дары-дармекти жарналоого тыюу салган мыйзамдар бар. Көзөмөл катуу. Бизде да ошондой болсо.

Эске салсак, Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна биоактивдүү кошулмаларды ичип жүрүп, ашказанына жара пайда болуп, кекиртеги күйүп 7 жаштагы кыз келип түшкөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM