Биз менен байланышыңыз

Балдарды искусство дүйнөсүнө жетелеген 4 китеп жарык көрдү

Билим-маданият | 13 Дек 2018 | 845 | 0

Балдар үчүн атайын аларды искусствого шыктандырып, жакындан таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн китептер жарык көрдү. Мындай эмгекти чыгаруу идеясы “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондуна таандык. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, китептер “Заманбап искусствосу-балдарга” деген долбоордун алкагында жарык көрдү. Биринчи китеп белгилүү композитор Муратбек Бегалиев жөнүндө болсо, экинчиси Казакстандын эл артисти Айман Мусаходжаева тууралуу баяндайт. Ошондой эле Өзбекстандын опера ырчысы Исмаил Жалилов жана Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жөнүндө жазылган.

Фонддун “Заманбап искусствосу-балдарга” деген долбоорунун алкагында “Балдар Филармониясы” иш-чарасы өткөрүлүп келет. Ага катышкан балдардын 95% классикалык музыканы, аспаптарды билбей тургандыгын байкашкан. Мындан улам ушундай китептерди чыгаруу идеясы келгендигин долбоордун координатору Асел Жакыпбекова айтат.

Биздин “Балдар Филармониясы” деген концертке келген балдардын 95% биринчи жолу филармонияга келгенин байкоого болот. Алар келгенде өзүн кантип алып жүрүүнү, кантип ордун табууну да билишпейт. Ал эми аспаптар боюнча сурасак, көпчүлүгү тааныш эмес. Ошондуктан балдарды искусствого жакындатуу үчүн ушундай китептерди чыгарууну максат кылдык.

4 китеп эки тилде жарык көрдү. Анда бир гана текст эмес, балдардын оңой кабыл алуусу үчүн сүрөттөр да камтылган. Ал эми сүрөт жана тексттерди жазуу үчүн авторлор атайын тандалып алынган. Алгач аларга эмне жөнүндө жазуу тууралуу айтылып, анын ичинен эң түшүнүктүү ыкма менен жазган авторлор тандалып алынган. Китептерди чыгаруу боюнча фонддун координатору Кенжекан Усупованын айтымында, бул эмгектер үчүн 1 жыл кеткен.

-Китептерди жазган авторлор тандалып алынган. Сүрөтчүлөр дагы ошондой эле негизде тандалган. Мисалы, биз авторлорго эмне жөнүндө жазарын айтканбыз. Ага жараша өздөрү жазышат. Ошол эмгектердин ичинен балдарга эң түшүнүктүү жана оңой тил менен жазган авторду тандаганбыз.

Биринчи китеп белгилүү композитор Муратбек Бегалиев жөнүндө болсо, экинчиси Казакстандын эл артисти Айман Мусаходжаева тууралуу баяндайт. Ошондой эле Өзбекстандын опера ырчысы Исмаил Жалилов жана Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жөнүндө жазылган. Биринчи китептин автору Алтынай Абетекова өзүнүн устаты жөнүндө жазуу оор болгонун айтат. “Бирок балдарга улуу композитор жөнүндө айтып берүү сыймык болду”,- дейт.

Ал киши жөнүндө жазуу мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Анын дүйнөсүн балдарга ачып берүү керек эле. Бирок балдарга түшүндүрүү мага жакшы тажрыйба болду десем болот. Балдар оңой кабыл алуусу үчүн эмгек кылдык.

Белгилүү инсандарды балдарга жеткиликтүү түшүндүрүү үчүн китепте текст менен кошо сүрөттөр коштолот. Ал үчүн да атайын сүрөтчүлөр тандалган. Казакстандын эл артисти Айман Мусаходжаева жөнүндө жазылган китептеги сүрөттөрдү Елена Чайковская тарткан. Эл артисттин азыркы сүрөттөрү болгону менен анын бала кезин тартуу үчүн изденүү талап кылганын айтат.

Мен Айман Мусаходжаева жөнүндө угуп жүрсөм да, ал жөнүндө сүрөттөрдү тартуу үчүн көп окудум, издендим. Жыйынтыгында, мага таптакыр башка жагынан образы ачылды. Анын бала чагын, образын тартууда менде жоопкерчилик чоң болчу. Анткени сүрөттөр аркылуу мен балдарга жеткиришим керек эле. Мен үчүн чоң тажрыйба болду.

Белгилей кетсек, китептердин бет ачары 17-декабрда Улуттук филармонияда болот. Ага китептеги каармандардын катышуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM