Биз менен байланышыңыз

Парламент Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 574 | 0

Жогорку Кеӊеш финансы министри кызмат ордуна сунушталган Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды. Аны депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Анын айтымында, көрсөтүлүп жаткан талапкер узак мезгил аралыгында өзүн мамлекеттик каржы саясаты жаатындагы чыныгы кесипкөй жана тажрыйбасы мол кызматкер катары көрсөтө алды.

Финансы министри кызматына талапкер Бактыгүл Жээнбаева жаӊы кызмат ордуна дайындалып калса, министрликтеги коррупциялык көмүскө схемаларды жоюу боюнча иштиктүү аракеттерди жасоого, мамлекеттик каражаттын сарамжалдуу, өз багытында жана натыйжалуу пайдаланышына көзөмөлдү күчөтүүгө, бюджет тартыштыгын азайтууга, министрликке карата калктын ишенимин бекемдөөгө убада берди.

Белгилей кетсек, Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Ушул тапта Президенттин кеӊешчиси болуп иштейт.

Ал ага чейин Улуттук банк, «Айыл Банк», Мамлекеттик ипотека компаниясы сындуу ири каржы мекемелерин жетектеп келген.

Финансы министрлигин буга чейин Адылбек Касымалиев жетектеди. Ал 6-декабрда өз арызы менен отставкага кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM