Биз менен байланышыңыз

К.Сооронкулова: Жакшылап текшерсе мыйзамсыз байыгандар Жээнбековдун тегерегиндегилерден да чыгат

Күн чекит | 11 Дек 2018 | 873 | 0

Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кармалышы коомчулукта коррупция, мамлекеттик кызматкерлерге карата ишеним маселелсин кайрадан талкууга себеп болду. Мамлекттик кызматкердин киреше-чыгашасынын декларациясынын мааниси, ролу жана аны көзөмөлдөө маселесинин тегерегинде КР Конституциялык палатасынын мурунку судьясы Клара Сооронкулова менен «Күн чекит» программасынын алкагында маек курганбыз.

Марал: Д.Зилалиевге карата колдонулган Кылмыш-жаза кодексинин 308-«Мыйзамсыз баюу» беренеси чын эле биринчи жолу иштеп жатабы?

Клара Сооронкулова: Бул БУУнун конвенциясына ылайык кабыл алынган мыйзам бизге киргенине бир нече жыл болсо дагы иш жүзундө биринчи жолу колдонулуп жатат десек болот. Буга чейин Коргоо министринин орун басарына карата ушул берене боюнча кылмыш иши козголгонун уккан элек. Кийин дайынсыз болуп кетти, кантип аяктаганын билбейм. Негизи эл аралык практикада бул берене коррупцияга каршы күрөштө абдан маннилүү ролду ойнойт.

Марал: Мурунку вице-премьердин кармалуусун кандай кабыл алдыңыз? Күтүүсүз болдубу?

Клара Сооронкулова: Жок, биз бул маселенин үстүнөн иштеп жатканбыз. Мамлекеттик декларациянын ачык-айкындыгын текшерүү ыкмалары боюнча Коопсуздук кеңешине да сунуштарыбызды бергенбиз. Башкы прокурор декларацияларды карап жатканын бир нече жолу айткан. Барын текшерип, жакында ачыкка чыгарары тууралуу билдирип жаткан. Кээ бир кызматкерлерге административдик жаза бергенин айтканда эмне себептен административдик жаза менен чектелет деп каршы чыкканбыз. Биздин сунуштарыбызга жооп болгон эмес болчу, бирок Зилалиевдин кармалышынан кийин иштеп жатат экен деген ой келди. Артын да көрө жатарбыз.

Марал: Коррупциянын мамлекеттик кызматтын бардык тармактарына жайылып кеткенин эске алганда, акыркы кездери мурунку президент Атамбаевдин тегерегинде иштегендерге гана карата кылмыш иштеринин козголуп жатышы тандалма камоо болуп жатканынан кабар бербейби?

Клара Сооронкулова: Билбейм, так айтуу кыйын. Башкы прокуратура декларацияларды эми карап чыктык, жыйнтыгын жакында чыгарабыз деп жаткан. Эмнеге Зилалиевден баштаганын билбейм, бирок артынан башкалардын да келерин ойлоп жатам. Анткени декларацияга көрсөтпөй коюу, тууган-уругуна каттатуу же болбосо декларацияга көрсөтүп деле мыйзамдуу кирешесине дал келбеген мүлкү бар кишилер Жээнбековдун деле тегерегинде толтура. Эгер бул ишти жакшылап караса азыркы чиновниктердин жарымынан көбү кетери бышык.

Марал: Негизи декларациянын аныктыгы кандай ыкма менен текшерилет? Анын ачык-айкындыгын тактай турган механизм барбы?

Клара Сооронкулова: Механизм бар. Бирок анда кээ бир кемчиликтер бар. Мисалы, салык сыры деген шарты бар. Бул декларациянын ачыктыгына тоскоол болчу нерсе. Булар азыр мамлекеттик кызматкердин декларациясында көрсөтүлгөн гана мүлкүнүн айырмасына карап текшерип жатышат да, чыгашасы менен кирешеси дал келеби, жокпу деп. Бирок алар Зилалиевге окшоп жашырат да. Ага көрсөтпөй байыгандарды аныктоо керек. Эгер бир чиновник декларацияга килейген особнягын жазып жатса деле сураш керек да кайдан, кайсыл акчасына алганын.

Марал: Сиздин оюңузча кандай ыкма колдонсо эффективдүү болмок?

Клара Сооронкулова: Биз Украинанын тажрыйбасын көрүп келдик. Аларда электрондук декларацияга өтүшкөн. Мамлекеттик кызматкер компьютерге толтуруп жатканында эле автоматтык түрдө сайтка жарыяланат. Каалаган жаран сайтка кирип, көрө алат. Бул коомдук көзөмөлдү күчөтөт да. Бирок бизге муну сунуштсаң каражат жок деген жоопту угасың. Ошондуктан биз президенттин алдында комиссия тузүүнү сунуштаганбыз. Жарандык коомдун өкүлдөрү да кирген комиссия декларациянын аныктыгын, тууралыгын текшерип, коомдун көзөмөлүнө коет. Ага жарандардан келген билдирүүлөр менен иш алып баруу шартын да тузүп берүү керек.  Эл деген билет да, кимдин эмнеси бар экенин. Алардын айткан маалыматтарын текшерип, чиновниктердин мыйзамсыз баюусунун алдын алса болот.

Copyright © 2017 Maral FM