Биз менен байланышыңыз

Президент Адам укугунун декларациясынын 70 жылдыгы менен куттуктады

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 537 | 0

Адам укугунун жалпы декларациясында камтылган идеялар кыргыз коомунун менталитетине, дүйнө таанымына туура келет. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков декларациянын 70 жылдыгына арналган конференцияда белгиледи.

Анда жазылган аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу, адамдардын улутуна, тилине, динине карабай бирдей укугун таануу, коомдогу достук мамилелерди чыңдоо чакырыктары — ата-бабалар аздектеп келген баалуулуктар менен үндөш экенин эске салды.

Ошондой эле учурда дүйнөдө адам укуктарына каршы келген уюмдардын активдешкенин белгилеп, ага каршы күрөштү колдой турганын белгиледи.

Президент декларацияда каралбаган, бирок учурда зарыл болгон баалуулуктарды сактоого чакырык жасады.

-Мисалы, биз — ата-бабаларыбыз адам гана эмес, жаратылыштын, айбанаттын укугун сыйлаган эл экенибизди баса белгилегим келет. Мунун далили катары — биздин дүйнө таанымыбызды таасын чагылдырган улуу жазуучубуз, нукура гуманист Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын айтсак болот,-деди мамлекет башчы.

Адам укуктарын сактоодо сот бийлигинин мааниси жогору экенин да кошумчалап, “2019-жылды соттук-укуктук реформанын практикалык этабы — жаңы укуктук нормалардын негизинде жашообуз башталат”,-деди.

-Кылмыштардын жана жосундардын Бирдиктүү реестри түзүлөт. Тергөө, сот, соттун чечимин аткаруу процесстери ачык-айкын болот. Пробация институту ишке киргизилет. Кыргызстан жаңы укуктук мейкиндикке кирет,-дейт мамлекет башчы.

Сөзүнүн уландысында, Жогорку Кеңештин 80 жылдык мааракеси менен депутаттарды жана мурдагы эл өкүлдөрүн куттуктап, Конституциялык реформаларды ишке ашырууда, адамдын жашоосун жакшыртуу үчүн багыттоодо депутаттардын ролу жогору экенин да айтты.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 10-декабрда Кыргызстандын Конституциясынын 25 жылдыгына, Кыргыз парламентинин 80 жылдыгына жана Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM