Биз менен байланышыңыз

Аалы Туткучев 35 жашта

Бүгүн 9-декабрь  белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев 35 жашка чыкты.
Ал 1983-жылы акын Талас облусундагы Манас районунун Арал айылында туулган.

Аалы төкмөлүк, жамакчылык өнөр атасынан калган. Атасы Төлөгөн жамактата сүйлөгөн, сөзгө чечен, эңиш, күрөштөргө түшкөн балбан болгон экен.

Жамактап ырдаганды 10-классынан баштаган. Айтыш өнөрү боюнча райондук сынактарга барганда аны менен айтыша турган балдар жок болуп, байгени өзү илип кетчү.

Кийин Искусство институтунун фольклор бөлүмүндө Замирбек Үсөнбаевден сабак алууну эңсегени менен музыка бөлүмүнө түшүп калып, төрт жыл хордо ырдайт. Кийин 5-курсунда гана жүрөгү эңсеп келген фольклор бөлүмүнө которулуп, дастан айтуу, айтыш өнөрү боюнча Замирбек Үсөнбаевдин колунан сабак алган.

2002-жылы “Айтыш” коомдук фондунда кыргыз элинин чыгаан төкмө акындары Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун төкмө акындык өнөрүн улап келүүдө. Кыргызстанда өткөн көптөгөн кыргыз акындар айтышында жеңишке жеткен.

Аалы Туткучев 2003-жылдан бери залкар акындар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, улуу өнөрдү улап, маданиятка салымын кошуп келе жатат. Туткучев багындырган сыйлыктар ого эле көп. Ага 2016-жылы мамлекет тарабынан Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы жана «Эмгек сиңирген артист» наамы ыйгарылган.

Учурда акын өмүрлүк жары Жазгүл экөө эки кыз, эки уулдун ата-энеси. Улуу баласы тогуз жашта, атасынын өнөрүн улап жамактап ырдайт.
Аалы Туткучев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы «Эл ырчысы Эстебес» фольклордук тобунун көркөм жетекчиси.

Copyright © 2017 Maral FM