Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусиялык туристтер көп тандаган өлкөлөргө кошулду

Кыска кабар | 9 Дек 2018 | 688 | 0

Кыргызстан орусиялык туристтер арасында белгилүү болгон 30 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу ТурСтат жазды. Агенттик Орусиядан саякаттаган туристтердин 9 ай боюнча статистикасын чыгарган. Өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстанга болгон турлардын саны 3% азайган.

Биринчи он өлкөнүн катарына Түркия, Абхазия, Финляндия, Казахстан, Украина, Кытай, Эстония, Грузия, Германия жана Италия кирген.

Ал эми жалпы Орусиядан чет өлкөгө болгон саякаттардын саны 6% өскөн. Бул 32,9 млн түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM