Биз менен байланышыңыз

Мигранттар 10 айда Кыргызстанга 2 млрд доллардан көп акча которду

Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 613 | 0

Акыркы он айда башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 2 млрд 242,9 миллионго жетти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Ага ылайык, өткөн жылкы көрсөткүчкө караганда быйылкы которуулар 160,2 млн долларга көп болду.

90 пайыздан көп каражат Орусиядан которулуп, анын көлөмү 2 млрд 203 млн долларды түзгөн. Андан кийин турган АКШдан 21,8 млн доллар которулган.

Copyright © 2017 Maral FM