Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн комиссиясынын жыйыны Бишкекте өтмөй болду

Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 693 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында орус өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Константин Чуйченко менен жолугушту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн билдиришти.

Жолугушууда тараптар өндүрүш, айыл чарба, энергетика, соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташууну мындан аркы өркүндөтүү келечектерин жана мүмкүндүктөрүн талкуулашты.

Жеңиш Разаков эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн канааттануу менен белгилеп, биргелешкен иштерди улантууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын 2019-жылдын февралында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM