Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда балдар укуктарын билеби?

Коом | 7 Дек 2018 | 3869 | 0

Бишкек шаарында окуучулар арасындагы «Мен жана менин укугум» аталышындагы сүрөт конкурс жыйынтыкталды.  

Бишкек шаарындагы №39 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу Нургиза Токтоганова Кыргызстандын акыйкатчы институту, Билим берүү жана илим министрлиги  жана Эл аралык эмгек уюму жарыялаган сүрөт конкурсунда жеңүүчү аталды. Анда ал үй-бүлөдө ар бир наристе бактылуу жашоого укугу бар деген оюн кагазга түшүргөн.  

Мен өзүмдүн сүрөтүмдө ар бир бала окууга жана бактылуу жашоого укуктуу экенин чагылдыргам. Анда бала менен кыз китепти кармап турушат жана мугалим сабак өтүп жатат. Мен мектепте окууга, ооруканадан бекер даарыланууга дагы укугум бар деп эсептейм.

Нургиза сыяктуу дагы жүздөн ашык бала адам укуктары деген темада өз эмгектерин жөнөтүшкөн. Бирок алардын ичинен калыстар тобу мыкты делген 50 сүрөттү гана тандап алышкан. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер таратылды.

Мындай демилге Эл аралык эмгек уюму тарабынан чыкканын жана кыргызстандыктардын өз укуктарын билүүсүнө алардын салымы чоң болуп келатканын Акыйкатчынын орун басары Гулнара Жамгырчиева айтты.

Биз Эл аралык эмгек уюму менен абдан тыгыз иштешебиз. Бүгүнкү иш чара дагы ошол уюм менен биргеликте уюштурулган. Балдар үчүн даярдалган белектерди алып келишти. Адам укуктарын коргоо боюнча декларациянын кабыл алынганына 70 жыл болду. Ал эми акыйкатчы институту түзүлгөнүнө 16 эле жыл болду. Бирок кыска аралыкта биз чоң аралыкты аттап өтө алдык. Үч деңгээлдин ортосуна келдик.   

Ошону менен Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына көңүл бурулуп, эл аралык изилдөөлөрдө жогорку тепкичке көтөрүлгөнү айтылат. Жетишкендик мектептерде жана Жогорку окуу жайларда өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасы экенин Эл аралык эмгек уюмунун балдар эмгегин жоюу боюнча долбоордун консультанты Дарыгул Кадыркулова белгилейт.

Биздин балдар өз укуктарын билип жатканы кубандырат. Анткени балдар тарткан сүрөттөрдү карап отуруп, баардык тармак камтылганын байкадым. Баарында «Бактылуу болууга» деп белгилешкен. Чындыгында, бала бактылуу болсо, үй-бүлө, мамлекет да тынч болот. Сүрөттөр терең мааниси менен абдан жакшы тартылган. Мен бул эмгектер менен сыймыктанам.  

Анткен менен баары сонун деп айтууга болбойт. Миграциянын айынан дагы да болсо, көпчүлүк балдар толук кандуу үй-бүлөдө тарбия албай келишет. Ошону менен катар укук бузуулар арбын экенин №39 мектеп-гимназиясынын тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сулуучач Бобукеева айтат.

Балдардын укуктары бузулган фактылар азыр дагы бар. Андайлар көп кездешет. Буга ички жана тышкы миграция себеп болуп жатат. Анткени балдар башка адамдардын  калунда калып, жакын туугандарынын запкысында калып жатат. Бирок мындай көрүнүштөр ачыкталбайт. Ошондуктан биз балдарга атайын ачык саатарды көп өтүп жатабыз.  

Кошумчалай кетсек, адам укуктарын коргоо боюнча декларациянын кабыл алынганына быйыл 70 жыл болду. Анын алкагында Кыргызстанда дагы иш чаралардын 70 күндүгү жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM