Биз менен байланышыңыз

«Түндүкэлектр» эскертет: 7360 абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 681 | 0

10-декабрда “Түндүк электро” ишканасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 7 360 абонентин жарыксыз калтырат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, учурда керектөөчүлөрдүн карызы 29 млн сомду түзөт.

Калаанын тургундары карыздарын төлөм терминалдарынан, электрондук капчыктар аркылуу жана “Кыргыз почтасы”, “Айыл банк” кассаларынан төлөй алышат.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге кошулган абоненттердин жарыгы өчүрүлсө, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу мекеменин маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат.

Copyright © 2017 Maral FM