Биз менен байланышыңыз

Милиция катышкан кырсыктан бир өмүр кыйылды

Коом | 6 Дек 2018 | 772 | 0

Чүй облусунун Торугарт—Бишкек унаа жолунда жаш жигитти унаа сүзүп кеткен. Натыйжада, жабырлануучу көз жумган. Ал эми качып кеткен жаран колго түшүрүлүп, милициянын прапорщиги экени аныкталды.

Чүй облусунда 18 жашар баланын өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери башталды. Тагыраак айтканда, кырсык 3-декабрда түнкү саат 2:00 чамасында катталып, күмүш түстүү унаа жаш жигитти сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү айдоочуну колго түшүргөндүгүн Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Назира Имангазиева билдирди.

-Белгисиз автоунаа Бишкек-Торугарт жолундагы Красная Речька айылында жашаган 18 жаштагы жаранды сүзүп, ошол бойдон качып кеткен. Бул боюнча тергөө кызматы тарабынан ошол эле күнү кылмыш иши козголгон. Негизи шектүү делип, Ысык-Ата районунун 63 жаштагы тургуну деп аныкталган. Бирок ыкчам издөө иш-аракетинин негизинде КР ИИМ өздүк коопсуздук кызматы тарабынан жол коопсуздук кызматкеринин тиешеси бар экени белгилүү болду.

Ыкчам иликтөөдө видеокамералардын жардамы аркылуу унааны жаш жигит башкарып жүргөнү белгилүү болгон. Жыйынтыгында шектүү жаран — Ак-Суу районундагы милициянын прапорщиги М.О. аттуу кызматкер экендиги аныкталды. Бул боюнча облустук жол коопсуздук кызматкерлери так маалымат айта албастыгын кабарлашты. Анткени жаш кызматкер районго 2 апта мурун которулуп келген. Бирок кандай болгон күндө да эреже бузган бардык айдочуга мыйзам бирдей экендигин Рысменди Бейшен уулу маалымдады.

-Жол кырсыгын пайда кылып, изин суутуп, таштап кеткен айдоочуларга КРнын административдик кодексинин тиешелүү беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү чара колдонулат. Мыйзамда бардык адамдар бирдей жоопкерчилик тартылат. Бул жогорку органдар тарабынан да көзөмөлдөн өтүп турат.

Учурда бул маалымат интернет булактарында байма-бай тарап жаткандыктан, жергиликтүү айдоочулар да кабардар. Алардын айрымдары бул кырсык деп түшүнүшсө, көпчүлүгү жол кыймылыгын көзөмөлдөгөн кызматкерлер эрежени туура сактап, биринчи кезекте  өздөрү мисал болуусу шарт дешет.

-Беш кол теӊ эмес дегендей, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер арасында мыйзам бузгандар болот. Ал сыяктуу жөнөкөй айдоочулар да кырсыкка учурап эреже бузат. Көбүнчө жаш балдар эреже сактабай, көпчүлүгү бет маӊдай чыга калгандан кырсыкка учуруп жатышат.

-Бул деген кырсык да. Кандай болгон күндө дагы шоопур күнөөлү болуп калат. Күнөө кимде экенин билбейбиз да?

-Мен мындай кырсыкты өз көзүм менен көргөн жокмун. Бирок айрым учурда милиция кызматкерлер өздөрү ичип алып унааны башкарат. Кээде жаштар ошолорду көрүп, туура эмес кадамдарга барып жатпайбы.

Андыктан адам өлүмүнө байланышкан факты боюнча Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү  Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарын эксплуатациялоо жана жол коопсуздук эрежесин бузуу) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда шектүү прапорщик убактылуу кармоочу жайга алынып, териштирүү иштери уланып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM