Биз менен байланышыңыз

Президент: ЕАЭБдин ыйгарым укуктарын кеңейтүү керек

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 565 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышып жатат.

Мамлекет башчы аталган жыйында сөз сүйлөп, ЕАЭБдин Евразиядагы ар бир өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүгү зор экенин баса белгиледи. Андагы ар кандай тоскоолдуктарды жоюу муктаждыгы турганын да эске салды.

Президент төрт негизги маселеге токтолуп, товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн жүрүү эркиндигин жүзөгө ашыруу керектигин айтты.

Ал белгилегендей, 2019-жылы бирдиктүү экономикалык саясат ишке ашырыла турган секторлордун жана тармактардын санын арттыруу боюнча иш жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүү менен агроөнөржай секторунда кооперацияны күчөтүү маанилүү.

«Биз биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Биримдиктин бардык өлкөлөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүнө алып келерине ишенебиз. Ошону менен бирге Евразиялык экономикалык комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл экенин кыргыз тарап бир нече жолу белгилеген. Бул тууралуу мен Жогорку Кеңештин өткөн жыйынында белгилегем. Комиссия, Бирикмеге мүчө мамлекеттер менен бирге бул демилгени ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-чараларды өткөрүшү зарыл деп эсептейм», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 7-декабрда Жээнбеков Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышат.

Copyright © 2017 Maral FM