Биз менен байланышыңыз

Эксперт: «Жунданы» сатып жиберүү максатында курушкан

Күн чабыт | 6 Дек 2018 | 1571 | 0

Кара-Балтадагы «Жунда» заводунун ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Эми эл өкүлдөрү заводго келип жаткан чийки мунайзатын  республика аймагына киргизүү жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдардын сакталышын карайт. Ошондой эле жергиликтүү тургундар айтып жаткан экологияга зыяндуулугу тууралуу дагы маалымат алышмакчы. Бул текшерүүлөрдөн жыйынтык чыгабы? Өнөр жай маселелери боюнча эксперт Жарасул Абдураимов менен суроолорубузга «Күн чабыт» программасынын алкагында жооп берди.

Марал: «Жунданын» ишин иликтөө үчүн депутаттык жумушчу топ түзүлгөн. Алардын ишинин жыйынтыгы болобу?

Жарасул Абдураимов: “Жундадагы” чарбакерлердин ишине депутаттык текшерүүлөр менен кийлигишпей эле койсо болмок. Бул тармакты билген адистер барса дагы жакшыраак натыйжа чыкмак. Негизи “Жунда” заводу туура эмес жерге курулуп калган. Панфилов районундагы Кайынды же болбосо Чалдовар жактарда Казакстанга жакын жерде мунай түтүгү бар жерге курулса болмок. Азыр эми эмнесин текшеришет? Киргенде да чыкканда тийиштүү жабдыктары болушу керек. Менимче, бүгүнкү күндө “Жунданын” жасап жаткан иштери, алардын чыгарып жаткан өндүрүштөрүнө караганда алардын бюджетке, жергиликтүү төлөмдөргө төгүп жаткан каражат аз деп ойлойм, 2 млрд сомго жетпейт. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун өздөрүнүн айткандары менен салыштырганда бензиндин өзүнө эле 460 миң тоннадан ашык, дизелдин өзүнө эле 350 миң тоннадан ашык чыгарышса, моторлорго кеткен майлар, мазутту эсептебегенде да бир жылдык акчалай көлөмү 30 млрд сомдон ашуусу керек.

Марал: Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майлардын 90 пайызы чет өлкөдөн келет. Эгер “Жунда” заводу иштесе ички рынокту камсыз кыларын адистер айтышат. Анын жөндөп иштебей жатканына сырье маселеси гана себеппи же башка кызыктар тараптар барбы?

Жарасул Абдураимов: Заводду кытайлык жеке ишкерлер салган. Ал курулгандан кийин башка орусиялык, же казакстандык ири компанияга сатып жиберүү максатта салынса керек. Себеби иштеп кетүүгө “Жунда” өзү дагы көп деле кызыктар болуп мунайзатын алып келүүгө толук аракеттерди көрбөй жатат. Учурда заводду сата албай жатышат окшойт деген ойдомун. Мисалы, Орусиянын “Газпром” компаниясынын кызыкчылыгы болсо заводду сатып алмак. Ал сатып албай жатканына караганда заводдун техникалык мүмкүнчүлүктөрү да түзүк эмес окшойт. Себеби өздөрүнүн айткан сөздөрүнөн улам заводдо ашып кетсе 95-үлгүдөгү бензин эле чыгып, андан жакшыраагы чыкчудай эмес. Бирок бүгүнкү күндө экологияга зыяндуулугу аз болгон Евро-5, Евро-6 үлгүдөгү бензин талап кылынууда. Ошондуктан заводду сатып алууга кызыктар болгондор жок болуп жаткандай.

Марал: Азыркы тапта кандай аракетке баруу керек? Заводдун келечегин эмнеден көрүп турасыз?

Жарасул Абдураимов: Кыргыз өкмөтү Орусия, Казакстандын өкмөтү менен сүйлөшүүлөргө барып, “Жундага” жакшы шарт түзүү керек. Мунай затын алып келип камдап берсе, өндүрүшүнүн кубаттуулугу канчага жетери бир жыл ичинде эле көрүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM