Башкы прокуратура Мамлекеттик салык кызматынан алынган маалыматтардын негизинде мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашасы, мүлкү тууралуу толтурган декларациясын текшерип чыкты. Анда бир катар кызматкерлер байлыгын жашырганы аныкталды.
Ага ылайык, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу, эки вице-консул, Бириккен Араб Эмираттарындагы, Ирандагы, Германиядагы элчиликтерде иштеген кызматкерлер, Екатеринбургдагы консул мыйзам бузганы аныкталган.
Мындан сырткары бир катар мамлекеттик кызматкерлер административдик жоопкерчиликке тартылса, 15 прокурор башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун буйругу менен дисциплиналык жоопкерчиликке тартылды.
Чиновниктер толтурган декларацияга кандай укуктук жана саясий баа берилиши керек? Бул тууралуу “Күн чекит” программасында “Трансперенси интернешнл” уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Адылбек Шаршенбаев айтып берген.
-Чиновниктер толтурган декларацияда мыйзам бузуу аныкталып жатат. Өзгөчө башкы көзөмөл органынын кызматкерлер арасында катталууда. Эми укуктук жана саясий жактан кандай баа берилиши керек?
—Бүгүнкү күнү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өздөрү мыйзамды бузуп жатканы албетте өкүндүрөт. Эгер декларация системасынын өзүнө токтолсок, бул-коррупция менен күрөштүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бул жаатта биз бир нече көмөк берүүчү рычагдарды алдыга жылдырышыбыз керек. Азыр технология дүйнөдө күн санап өнүгүп келе жатат. Демек ушул багыттагы жолдорду колдонгонубуз маанилүү. Учурда өкмөт “Түндүк” системасын ишке ашырып жатат. Бул абдан туура кадам. Ар бир орган бири-бири менен электрондук негизде кызматташса, сөзсүз коррупция жоюлат. Экинчиден, декларацияларды автоматтык түрдө текшерүүгө алынышын камсыздоо. Үчүнчүдөн, коррупция менен күрөшкө сөзсүз түрдө коомчулукту тартышыбыз керек. Коомдун жардамысыз бул болбой турган нерсе. Анткени чиновниктер мүлктөрүн башка адамдарга жаздырып коюу жагы дагы бар. Ошондуктан ушул сындуу окуяларга кабылган жарандар маалымдоого мүмкүнчүлүктөр түзүлсө жыйынтык болот.
—Ал үчүн кандай методика керек?
—Албетте! Бул жерде өзүнчө ыкма иштелип чыгышы керек. Азыркы күндө тапшырылган декларациялар текшерилди деп жатат. Бирок ал кандай иштеген ыкма экенин эми көрөбүз. Анткени бүт милдет Салык кызматына былтыркы жылы өткөрүлүп берилди. Ошону менен бизде жалпы декларациялоо тартиби кирип жатат. Демек ар бир жаран декларацияны тапшырууга милдеттүү болот. Ошондо жакындары же туугандарына катталган мүлктөрдү текшерүү оңой болот. Бирок ага чейин дагы бул системанын айрым кемчиликтерин жоюу керек.
— Анткен менен айрым учурда чиновниктер декларацияны билбей туруп, туура эмес толтуруп алган учурлар дагы болуп калып жатпайбы…
—Мунун негизги эки себеби бар. Кээде чиновниктердин арасында шашып декларацияны туура эмес толтуруп койгон учурлар болот. Бирок атайлап маалыматты туура эмес киргизгендер дагы жок эмес. Аларга мыйзам чегинде өз жазасын берүү керек.
-Мамлекеттик кызматкерлердин ачык иштөөсүн камсыз кылууга ушул кадамдар жетиштүүбү?
—Албетте, жетишсиз. Бул коррупция менен күрөшүүнүн бир гана бөлүгү деп айтсам туура болот. Кийинки кадам биздин мамлекеттик кызматкерлерге элдин ишенимин арттырууга карай жасалууга тийиш. Андан башка дагы коррупцияга каршы бир катар ыкмалар колдонулушу керек. Дүйнөдө мамлекеттер ыкмалардын түрүн өздөрүнө ылайыкташтыруу менен иштеп чыгышкан. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөр колдонгон ыкма өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге жарабай калышы ыктымал. Андыктан биз дагы өзгөчөлүгүбүзгө жараша иштеп чыгышыбыз керек.
—Маегиңизге рахмат!