Кыргызстанда 3257 диний уюм катталган. Анын көпчүлүгү Ислам жана Христиан дининин негизинде иш алып барышат. Ошондой эле алардын арасында буддизм, иудей жана бахай жамааттары да бар. Буга байланыштуу айрым учурда азчылык болгон диний уюмдарга карата мамлекеттик органдар тарабынан түшүнбөстүктөр бар экенин евангелистик-христиандык чиркөөлөрдүн бирикмесинин төрага орун басары Петр Шмидт айтат.
—Бөтөнчө мамиле көбүнчө кадыресе маселелерде, тагыраагы, имаратты алууда, кагаз толтуруу сыяктуу маселелерде болот. Айрым мамлекеттик органдар биз светтик өлкөдө жашап жатканыбызды унутуп калышат. Баптист десе эле башкача кабыл алышат. Бизден ыраак болууга аракет кылышат.
Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү алдын алуу максатында өткөн жылы конфессиялар аралык диалогду бекемдөө максатында форум болгон. Аны улай бир жылдагы иштердин жыйынтыгын чыгаруу максатында жыйын өттү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов диндер ортосундагы ынтымакты өлкөнүн өнүгүүсүндө маанилүүлүгүн белгилейт.
-Көп маселе маалыматтын жоктугунан пайда болот. Ошондуктан эл менен тушүндүрүү иштерин алып баруу зарыл. Өзгөчө аймактарда. Биз буга чейин аймактарда иштерди алып бардык. Мындан кийин да улантабыз.
Мындай демилге мамлекеттик комиссия тарабынан эмес, диний уюмдардын өкүлдөрүнөн чыккандыгын колдоого аларлык деп баалашат. “Айрыкча, башка диндин өкүлдөрүнө болгон толеранттуулук, түшүнүү жана урмат-сый көрсөтүүнү жаштар арасында жайылтуу маанилүү”,-дейт Мамлекеттик комиссиянын аналитика бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева.
-“Сен жаман, мен жаман” деген таризде эмес. Конфессиялар ортосунда пайда болгон маселелерди чечүү багытында иштөө зарыл. Өзгөчө жаштар арасында. Диний уюмдардын өкүлдөрүнөн да ошондой сунуштар болду. Анткени улуу муун Советтер союзунда жашагандар, көп түрдүүлүктү көргөндөр. Аларда толеранттуулук бар. Негизги маселе жаштарга түшүндүрүү керек.
Ар бир диндин өзүнүн баалуулуктары, жолу, маданияты ар башка. Бирок алардын баары бир гана тынчтыкка үндөгөн жолдор экенин дин өкүлдөрү айтып келишет. Мыйзамда да айтылгандай, дин тутуу эркиндиги да ар кимдин тандоосу. Муфтияттын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан Эргешов негизги максат коомчулукту тынчтыкка үндөө экенин баса белгилейт.
-Динге алып келүү бир кишинин иши эмес. Динге келген кишиге Кудай өзү насип кылат. Биз болгону эмне жакшы, эмне жаман экенин түшүндүрүүгө милдеттүүбүз. Калганы ал адамдын өзүнүн тандоосу. Негизи биз “менин чөйрөм гана көбөйсө экен деп эмес, чөйрөм тынч болсо” деп аракет кылышыбыз керек.
Кошумчалай кетсек, жыйындын соңунда резолюция кабыл алынып, кеңеш түзүлдү. Ал кеңештин курамына 17 ар кайсы диний уюмдардын өкүлдөрү кирди.