Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Крим чөйрөнүн мүчөлөрү менен таанышкам, бирок тиешем жок

Коом | 5 Дек 2018 | 1501 | 0

«Атактууга 6 суроо» рубрикасынын бул аптадагы чыгарылышында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго суроо узаттык.

-Кыргызстандыктар үчүн сиздин спорт чөйрөсүндө да активдүү экениңиз жакында эле маалым болду. Кеп учугун ушундан баштасак. Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигине кантип катышып калдыныз?

-Негизи ардагерлер арасында ушундай мелдеш болорун мурдатан эле билем. Анан Орусияда болуп жатканын угуп, 2 ай даярданып барып катышкам. Ошондой эле бул мелдешке биздин өлкөнүн атынан баргандар өз капчыгынан каражат чыгарып барып катышат. Бул жөнүндө билбегендер да бар. Буйруса, федерация ачып, ардагерлер арасында да күрөштү өнүктүрсөмбү деп ойлоп жатам.

-Мурдагы фамилияныз Стамкулов болгондугу жөнүндө сөздөр жүрүүдө. Фамилияны алмаштырууга эмне себеп болду эле?

-Туура, мурдагы фамилиям Стамкулов болгон. Бирок эң биринчи паспорт алганда атам Икрам уулу деп паспорт алып берген. Анан Орусияда иштеп жүргөндө, ал жактагыларга ыңгайлуу болуусу үчүн Стамкулов болгом. Анан 2015-жылы паспорт алганда байкап көрсөм, бир туугандарым, атамдын туугандары көпчүлүгү Стамкулов экен. Кийин карасам, атамдын аты жоголуп кетип жатат. Анын ысымын сактоо максатында кайрадан Икрамов деген фамилияны алдым, балдарымдын баарынын фамилиясы да Икрамов.

-Учурунда бир катар массалык маалымат каражаттары сиздин крим чөйрөгө аралашканыңызды жазып чыгышкан болчу. Бул боюнча эмне дейсиз?

-Азыр ким спортчуларга жардам берип, өзүнө тың болгондорду крим чөйрөдө жүргөн деп айтып көнүп алышты. Менде ал чөйрөгө аралашуу болгон эмес. Таанышып, чай ичкен күндөр болгон, аны танбайм. Бирок крим чөйрөгө эч кандай тиешем жок. Бул маалымат-жалаа жабуу, калп.

-Сиздин бейөкмөт уюмдарга карата терс көз карашта экениңизди билебиз. Маралга келгенде да бул жөнүндө айткан экенсиз…

-Мен бул оюмдарга таптакыр каршымын деп айтуудан алысмын. Болгону булардын кээ бир программалары биздин улуттук баалуулук, каада-салттарыбызга таптакыр туура келбейт. Мен бул жөнүндө мыйзам долбоорунда көтөргөм. Болгону булардын жүргүзгөн ишин көзөмөлдөө зарыл. Ар бир өлкөдө улуттук деген мыйзамдар бар, ошого да бекем болушубуз керек.

-Сиз динди бекем тутунган депутат экенинизди билебиз. Президент да дин саясатын жөнгө салуу керектигин айтып, медресе мечиттер көбөйсө ыймандуу жаштар көбөйөрүн билдирген эле. Сиз өлкөбүздө дин саясаты кандай нукта уланышын туура көрөсүз?  

-Бүгүнкү күндө салттуу дин, аталарыбыз карманган дин басымдуу болуп, жакшы деңгээлде жүрүүдө. Бул абдан жакшы. Эч кандай саясатка аралашпайт, өз нугу менен. Жаштарыбыз да жакшы, ыйманы менен болууда. Бирок башка бир агымдар да жок эмес, алар абдан аз. Бул агымдардын баары коопсуздук кызматкерлеринин көзөмөлүндө, алардан кооптонуунун кажети жок.

-Суроолорубуз ар тараптуу болсун. Парламентте бюджетти карап жатканда балуу кагаздар жөнүндө сөз болду. “Балуу кагаздар” деген терминге аныктама бере аласызбы?

-Мен баалуу кагаздар жөнүндө түшүнүктүү кылып айта албайм. Биздин ар дайым өзүбүздүн маркаларыбызды кармашыбыз зарыл. Ошондой эле аларды жакшы шартта сактообуз керек.

Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM