Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде 7 орунга жогорулады

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 565 | 0

Кыргызстан “Бизнес жүргүзүү” рейтингинде 77-орундан 70-орунга көтөрүлдү. Мындай маалыматты Экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде айтты.

Дүйнөлүк банктын отчетуна таянып,

  •  -«Төлөм жөндөмсүздүгүн чечүү» – 82-орун (+37 орун);
  • -«Эл аралык соода» – 70-орун (+14 орун);
  • -«Миноритардык инвесторлорду коргоо» – 38-орун (+13 орун)
  • -«Келишимдерди аткарууну камсыздоо» 131-орун (+8 орун) сыяктуу айрым индикаторлор боюнча өлкө өз позицияларын жакшыртууга жетише алганын кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эскерткендей, Өкмөт тарабынан 2023-жылга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтингиндеги алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүү милдети коюлган. Буга байланыштуу өкмөт башчы «Энергетика менен камсыздоо тутумуна кошулуу» боюнча 164-орунда жана «Салык салуу» боюнча 150-орунда экенин айтып, тиешелүү кызматтарды сынга алды.

«Бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында биз  «Бизнес жүргүзүү» рейтингинин ар бир индикатору боюнча процедуралардын санын жана андан өтүү убактысын кыскартуу боюнча кескин чараларды кабыл алуубуз зарыл», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Copyright © 2017 Maral FM