Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын Кыргызстанга унааларды, атайын техникаларды экспорттоо ниети бар

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 1020 | 0

28-ноябрдан 1-декабрга чейин Экономика министри Олег Панкратов расмий сапары менен Ташкентте болду. Анда 2017-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда кабыл алынган өкмөттөр аралык келишимди ишке ашыруу жолдору талкууланды. Мындай маалыматты Экономика министрлигинен билдиришти.

Анда Кыргызстандан кошуна өлкөгө эт жана сүт азыктарын, жашылча-мөмө жемиштерди, минералдык сууларды, картошканы, курулуш материалдарын, унаа тетиктерин, көмүрдү, айнекти, жарыктандыруучу чырактарды экспорттоо боюнча да сөз болду.

Ал эми Өзбекстандын Кыргызстанга жеңил жана жүк ташуучу унааларды, автобустарды, коммуналдык жана айыл чарба техникаларын, турмуш тиричилик техникаларын, фармацевтикалык каражаттарды, эмеректерди жана башка товарларды ташуу ниети бар экени белгилүү болду.

Ошондой эле эки өлкөнүн президенттеринин товар алмашуунун көлөмүн 500 млн долларга жеткирүү максатын коюшканын, бул көрсөткүч аз убакытта орундала турганын сүйлөшүштү.

Ушул жылдын январынан баштап октябрга чейин товар алмашуунун көлөмү 325 млн долларды түзгөн. Бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 50 пайызга жогору.

Визиттин жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM