Биз менен байланышыңыз

Ангела Меркелдин орун басары Орусияга кыр көрсөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 664 | 0

Германиянын канцлери Ангела Меркель 8-декабрда өзү 20 жылдан бери жетектеп келген Христиан-демократиялык союзу (ХДС) партиясынын башчылыгынан кетип, ордуна жаңы жетекчи шайланат. Жаңы жетекчи келечекте өлкөнүн канцлери болуу ыктымалдыгы да жогору.

Үч талапкердин ичинен Меркелдин колдоосуна ээ болгон айым Аннегрет Крамп-Кеннербауэрди «Экинчи Меркель» деп аташканы менен анын саясий позициясы кыйла консервативдүү жана катаал. Өзгөчө, Орусияга карата европалыктардын мамилесин өтө эле жумшак жана алешем деп баалайт.

ARD телеканалына берген маегинде Орусиянын Балтика аркылуу Германияга мунай ташуучу «Түндүк агым-2» долбоорун Орусияга каршы колдонуу тууралуу айтты. Анын пикиринде Керч кысыгындагы украиналык үч кемени кармап алуусуна каршы Германия Орусиянын аталган долбоорунун мунай көлөмүн азайтуусу керек болчу. Бирок биротоло токтотуп коюу аша чапкандык болмок.

Эске салсак, «Түндүк агым-2» долбооруна АКШ, Украина жана Чыгыш Европа өлкөлөрү каршы чыгышууда.   Себеби бул долбоор Германия аркылуу бүтүндөй Батыш Европаны ыңгайлуу баада мунай менен камсыз кылгандыктан, АКШ өзүнүн күйүүчү майын бул аймакка сата албай калат. Ал эми Украина өзүнүн чек арасы аркылуу өтчү орусиялык мунай өтмөктөрүнөн түшчү салыктан куру калары маалым.

Copyright © 2017 Maral FM