Биз менен байланышыңыз

Лука Модрич Месси-Роналду доорун соңуна чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 790 | 0

«Реал Мадриддин» жарым коргоочусу хорватиялык Лука Модрич 2018-жылдын «Алтын топ» сыйлыгын алды. Бул сыйлыкты акыркы он жыл бою португалиялык Криштиану Роналду менен аргентиналык Лионел Месси кезектеше бербей келе жаткан болчу. Аларга чейин 2007-жылы «Балон д’Ор» италиялык Какага ыйгарылган эле.

Лука Модрич ушуну менен быйылкы жылдагы үчүнчү дүйнөлүк сыйлыкты жеңип жатат. Буга чейин Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде өз өлкөсүн финалга чейин сүрөп чыгып, чнмпионаттын мыкты оюнчусу наамын алган. Кийин France Football  журналынын «Алтын тобун» алган.

Аземде сөз сүйлөгөн Модрич бул сыйлык ага татыктуу эмгек кылган бардык футболчулардыкы экенин билдирди. Өзгөчө өз кезегинде ага татыктуу эмгек кылып, бирок албай калган Хави, Шнайдер жана Иньесталардын атын атады.

«Ал эми Месси менен Роналду феномен оюнчулар. Алардын катарына кирүү мен үчун сөз менен айтып бере алгыс кубаныч. Чынында 2017-2018-жыл меники болду»,-деди сыймыктуу спортчу.

Кошумчалай кетсек, франциялык 19 жаштагы футболчу Килиан Мбаппе 21 жашка чейинки мыкты футболчуга арналган Kopa Trophy сыйлыгын жеңип алды.

Copyright © 2017 Maral FM